Рашод кары Камаловдун соттук процесси Өзбекстандын колундабы?

294
0

Кыргызстандын азыркы жана мурунку президенттери да: “Сот тармагына жана тергөө жараяндарына мен кирише албаймын, буга мыйзам жол бербейт. Конституцияга ылайык сот бүтүндөй көз карандысыз тармак”, – деген мааниде билдирүүлөрдү берүүнү адатка айландырышкан. Түпкүлүгүндө, бул туура, мыйзамдуу мамиле.

Бирок, Рашод кары Камаловдун тергөө жана сот жараяны, дээрлик 100% Өзбекстандын басымы жана таасири астында жүрүп жатат. Муну Рашод Камаловдун тергөө иштерин дагы да улантуу үчүн, аны камакта кармап турууну кезектеги мөөнөткө узартып беришин соттон суранган тергөөчү “Өзбекстандан келип  жаткан айыптоо материалдарынын кечигип  жатканы себептүү” деген түшүндүрмөсү менен коомчулукка жарыя кылды.

Бул иштин мыйзамдуу же мыйзамсыз жактарын баяндамакчы эмеспиз. Тескерисинче, саясий жана адамдык акы-укуктар тараптарын талдайбыз, инша Аллах.

Рашод кары Камалов үстүндө жүрүп  жаткан бул жараян Өзбекстан менен бирге иштеп чыгылды. Кыргызстан тарабынан бул операция иштеп чыгылышында генерал Сүйүн Өмүрзаков катышты жана түздөн-түз башкарып, өзүнүн катышуусу менен ушул долбоорду ушул күнгө чейин улантып келүүдө. Сүйүн Өмүрзаков Кыргызстандын түштүгүндөгү президенттин ишенимдүү өкүлү болуп, ага күч түзүмүн башкарууда өтө кеӊири мүмкүнчүлүк берилди. Милиция, прокуратура, сот жана башка тармактарда азыр анын таасири өтө күчтүү.

 Сүйүн Өмүрзаков ушул мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, бүт күч түзүмдөрүн толук өз таасири астына алды. Ал күч органдарын ишке салып, кылмышкерледи башкаруу тармактарын да өз колуна алды. Ал тургай, бандиттердин башчыларын да өзү шайлай турган жана каалаганын камап коё ала турган кубатка ээ болду. Кылмышкерлер дүйнөсүндө таасири өтө күчтүү болгон Алмамбет Анапияевди да – Өмүрзаковдун долбооруна тоскоолдук кылып  жаткандыктан – четтетип беришти. Ошондон кийин кылмышкерлер дүйнөсү, аклий жетекчисинен ажырап калгандай, Өмүрзаковдорго таянууга мажбур болду.

Өмүрзаков өзүн жана үй-бүлсүн диндар кылып көрсөтүүгө аракет кылат. Ошондуктан, ал өзүндөгү динге тиешелүү тарабын да көрсөтүүгө аракет кылып келет. Азыр Кыргызстан түштүгүндө диний тармактагы бир катар жетекчилер арасында да ага таянуучу бир топ бар. Алар өздөрүндөгү катуу коркуу жана итааткөйлүгү менен айырмаланып турушат. Алар, ал тургай, ыйман куфр маселелерине да көӊүл бурбастан, катуу коркуу астында жүргүзүп  жаткан аракеттери менен Өзбекстандын өкмөттүк имамдарын эске түшүрүшөт.

Өмүрзаков ар бир тармакта өзүнөн ашып бара  жаткан фигураларды же моюн сунуудан баш тартып жаткан адам же чиновниктерди четтетүүгө адаттанган. Рашод кары Камалов да Өмүрзаковдун текебердикке толгон карамүртөздүгүнүн курмандыгы болду.

Өзбекстан Өмүрзаковдун бүгүнкү ыйгарым-укугу жана жаман пейилинен пайдаланып калмакчы. Өзбекстандын коопсуздук түзүмү бир нече жылдардан бери Кыргызстандын күч түзүмдөрү менен кызматташтыкта Кыргызстандын түштүгүнө миңдеген тыӊчыларды киргизип алды. Алар ар түрдүү Кытай товарларын сатуу максатында колдоруна көтөрүп алышып, шектүү деп билген Кыргызстан жарандарынын тизмесин түзүп келишет. О.э. ар бир шаар жана айылдардын жайгашуу долбоорлору жана стратегиялык чекиттерин да белгилеп келишет.

Өмүрзаков сыяктуу бир катар таасирдүү адамдар Каримовдун режими менен жашыруун кызматташат. Рашод Камаловду коомдон четтетүү операциясы да Өзбекстан режимин ыраазы кылуу максатындагы кезектеги кызматташтык аракети болду. Өмүрзаков Өзбекстандын коопсуздук кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү менен Кыргызстандын прокротурасына, сот жана тергөө жараянына катуу басым өткөрүп келе жатат. Алар Рашод карыга каршы дээрлик бирер мыйзамсыз айып табышпагандыктан, сот жараянында өзбекстандык шериктеринен келиши пландаштырылган жасалма уюштурулган айыптоолорду күтө башташты. Бирок, Өзбекстан тарабы Атамбаев менен Каримовдун ортосу бузулуп калганы жана дагы башка белгилүү себептер менен, өз спектаклдерин аяктоо мөөнөтүн созуп жиберишти.

Түпкүлүгүндө, алардын кызматташтыктагы долбоору боюнча, Рашод карыны камакка алары менен бир катар согушкерлер баш болгон элдин козголушун күтүшкөн эле. Кудум 2005-жылдагы Андижан тополоӊу сыяктуу. Ошондон кийин Рашод карыны узак мөөнөткө камап жиберүү менен Кыргызстандын түштүгү үчүн өзүнчө катуу режим орнотуп алышат эле. Ошондо бул регион бүтүндөй күч түзүмдөрүнүн кубаты астына өтүп, башка багыттагы бир да кубат Өмүрзаковдун алдына тоскоол боло албай турган абал пайда болот эле.

Бирок, Рашод кары, андан бир аз мурда бул коомдун тарбиячысы болгон атасы Рафик кары сыяктуу улуу адамдар өз даъваты менен калкты куфрдун бул сыяктуу айла-амалдарынан эскертишип, аларды нукура исламий пикирлер менен тарбиялап келе жаткышкандыктан, ыпылас күчтөрдүн карамүртөз пландары ишке ашпады. Эл Рашод карынын мусибаттарын жана атасынын шахадатын “Аллахтын сыноосу жана рахматы, инша Аллах” деп кабыл алды. Аллах бул сыяктуу сыноолорду, жакшы көргөн пендесине, ал акыреттеги даражаларын дагы да жогору кылып алышы үчүн бир мүмкүнчүлүк кылып берет. Кудум Абу Ханифа (имам Аъзам)  азиретинин өз доорунда зынданга салынганы жана андан кийин өлгөнү сыяктуу. Биз бул залимдерди дубаи бад кылуу менен, боордошубузду жана дагы башка момун мусулмандарды Аллахтын берген бул мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып калууга чакырабыз. Аларга ушул Рамазандын улуу күндөрүндө Аллахтын нусраты келип, улуу соопторго ээ болушун дуба кылып сурап калабыз. Ушул улуу күндөрдүн түндөрүндө, намаз жана дубаларыбызда, боордошторубузга ким азап берген же берип жаткан болсо, аны Аллахтын наалаты жана азабына тапшырабыз. Амиин.

 Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here