Путин менен Эрдоган Бакуда жолугушту

281
0

Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен Бакуга барды. “Европа оюндарынын” ачылыш ырасымына катышкан Эрдоган өзүнүн бир нече жолугушуулары алкагында кээ бир мамлекеттердин жетекчилери менен өз-өзүнчө, жекеме-жеке жолугушууларды да өткөрдү.

Ырасымдын экинчи күнүндө президент Эрдоган Россия президенти Владимир Путин менен жолугушту. Эрдоган жайгашкан “Four Seasons” мейманканасында болуп өткөн жолугушуу маалымат каражаттары үчүн жабык көрүнүштө болуп өттү. Андан кийин бул жолугушуу маалымат каражаттарынын өкүлдөрү сүрөткө тарта баштаганынан улам дагы 1,5 саатка созулду. Жолугушууда Эрдоганды Түркиянын тышкы иштер министри Мавлут Чувашоглу, энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Танер Юлдуз, президенттин башкы катчысынын жардамчысы Ибрахим Калин, транспорт жана деңизчилик алакаларынын мурдагы министри Бинали Йилдиримдер коштоп жүрүштү. Путинди болсо Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров коштоп жүрдү.

Түркия президентине караштуу булактан алынган маалыматка ылайык, Эрдоган жана Путин жолугушууда эки тараптуу өз ара алакалар менен бир катарда эл аралык маселелер туурасында да пикир алмашышкан. Эки жетекчи Түркия жана Россия ортосунда түрдүү тармактардагы, айрыкча энергетика тармагындагы кызматташтыкты жолго коюу, экономикалык алакаларды күчөтүү жана соода көлөмүн көбөйтүү керектигин баса белгилешкен. Сирия, Украина, Крым маселелери жана Татарстандагы кырдаал да башка маселелер катарында талкуу кылынган.

Эрдоган “Европа оюндары” көркөм салтанат менен башталганын жогору баалап, бирок, аты “Европа оюндары” болгону менен Европадан бирер мамлекеттин жетекчиси бул ырасымга катышпай жатканына көңүлдү бурду. Россия президенти Путин да бул тууралуу сөз кылып “Түркия Европа союзунун мүчөсү катары андан өкүл болуп келди” деди. Президент Эрдоган Путиндин бул сөзүнө жооп иретинде Түркия азыркы кезде Европа союзунун мүчөсү эместигин, бирок, мүчө болуу жолунда сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын айтып өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here