АКШ Өзбекстанга брондуу машиналарды жеткирип берүүнү жакын арада аяктайт

258
0

 “CA-NEWS” сайтынын кабар беришинче, Америка куралдуу күчтөрү жакын арада Өзбекстанга брондуу аскерий техникаларды жеткирип берүүнү аягына чыгарууну пландаштырууда. Алар негизинен миналарга каршы машиналардан турат.

 Бул тууралуу жекшемби күнү ТАСС агенттигинин кабарчысына АКШ коргоо министрлигинин өкүлү билдирген. Белгилүү болгондой, Ташкентке ушул аскерий техникаларды жеткирип берүү өткөн жылдын декабрында башталган.

 Пентагон өкүлүнүн айтымында, ушул брондуу машиналар Борбор Азия мамлекет мамлекеттерине кайтарымсыз жардам көрүнүшүндө сунушталууда.

 Март айында АКШ Конгрессинде сөз сүйлөгөн Америка куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын башчысы генерал Ллойд Остин Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен аскерий тармактагы кызматташтык күчөтүлгөндүгүн баса белгилеген.

 Ушул орунда Өзбекстанга аскерий техникалардан минага каршы V үлгүсүндөгү бронетранспортерлор, 14-18 тоннага чейинки Mine-Resistant Ambush Protected vehicles (MRAPs) деген аталыштагы машиналар сунушталууда. Америка маалымат каражаттарынын кабар беришинче, Ташкент ушундай үлгүдөгү машиналардан 308ди алган. Дагы 20 брондуу ремонт-эвакуация машиналары да алынган.

 О.э. Остин америкалык аскерийлер аскерий тармактагы тажрыйбаларын өзбекстандык кесиптештери менен бөлүшө тургандыгын да айтып өткөн.

Туркистон: 

Бул АКШнын НАТО аркылуу Борбор Азияны аскерий колония кылып алуу үчүн, аныгыраагы, аны Россияга аскерий көз карандылыктан ажыратып алуу үчүн таштаган кезектеги кадамы.

АКШнын регион мамлекеттерин акырындап аскерий техникалары менен камсыздап барышы, бул мамлекеттердин  аскерий техникаларын толук модернизация кылып алышына алып барат.

Түпкүлүгүндө, эл аралык жетекчи мамлекеттер ортосунда бир катар жашыруун жана ашкере келишимдер бар болуп, алар бири-биринин колонияларына анын уруксатысыз курал сатышы мүмкүн эмес болчу.

Акыркы кездерде АКШ баш болгон Батыш мамлекеттеринин Россия менен болго мамилелери курчуй баштады. Мунун негизги себептери, Россия алгач экономикалык, андан кийин саясий жактан алдан тая баштагандыгынан пайдаланып Батыш мамлекеттери алгач Россиянын катышуусусуз жүздөгөн инвестиция армиясын Өзбекстанга алып кирип алышты. Андан кийин бул региондордогу газ жана нефть тармагын алгач Түркмөнстандан андан кийин Өзбекстандан Кытай тарапка буруп жиберишти. Ушулардын бардыгы Россиянын эгинзары болгон Орто Азия мамлекеттериндеги кызыкчылыктарын андан тартып алуу болчу.

Россия Путиндин акмактык экономикалык долбоорлорун ишке ашыруу менен дүйнө экономикасынан аркада калып кетти. Батыш, айрыкча АКШ, Россиянын бул алсыздыгынан пайдаланып алуу үчүн өтө пайдалуу жана толук иштелип чыккан план негизинде иш жүргүзүүдө.

Россия өзүнүн колонияларын экономикалык, сакафий жана азыр көрүп турганыбыздай, аскерий тармакта да дүйнөлүк деңгээлде камсыздай албай жатат. Ал азыр өзү менен өзү убара болуп калды. Орто Азия мамлекеттериндеги позицияларын удаама-удаа бошотуп чыга баштады. Бул боштуктарды жакынкы жылдарда өзү толтурушуна болгон үмүтү да үзүлүп бара жатат.

Ошондуктан, ушундай кете берсе жакынкы келечекте Орто Азия мамлекеттери эки лагерге бөлүнөт. Бир бөлүгү Россиянын таасири астында калып, ал менен анын тагдырын бирге көрүүгө дуушар болсо, экинчи бир бөлүгү АКШдан таасирленет. Жашоо деңгээлибиз жана күч-кубат потенциалдарыбыз да ар түрдүү болуп бара бериши менен, ортобуздагы чегараларыбызды дагы да бекемдөөгө мажбур болобуз. Кудум экиге бөлүп жиберилген Корея сыяктуу болобуз.

Тыянак кылып айтарыбыз, бул мамлекеттер азыркы зулум негизине курулган куфр системасынан өз алдынча кутула алышпайт. Буларды куткарышыбыз керек.

Ал үчүн мусулмандар Хизб ут-Тахрир көтөрүп жаткан Ислам Мабдаъсы (системасы) менен жакындан таанышып, системага каршы башка система менен күрөшүү керек деген пикирий жетекчиликти көтөрүп чыгышыбыз керек. Себеби, бул мамлекеттер – күбө болуп турганыбыздай – ал тургай ынкылаптарды уюштурушса да натыйжа бербей жатат. Кыргызстан, Мисир, Сирия, Иран, Ливан жана башка исламий өлкөлөрдүн бири да ынкылаптан кийин өзгөргөн жок. Себеби, бул аракеттердин баары бир система ичинде реформа издеп, бир колонизатор куфр тарапты экинчи колониязатор куфр мамлекетинин жардамы менен кулатуу болуп эсептелет. Бул нерсе проблемаларыбыздын чечими эмес. Тескерисинче, бул сыяктуу аракеттер чыныгы ынкылаптык Мабдаъий аракеттерден чалыгтуучу куфр долбоорлорун турмушка алып келүүчү башаламан иш-чаралар болуп эсептелет.

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here