بِسْم الله الرَّ حْمن الرَّ حيم
Кафир батыш мусулмандардын өлкөлөрүнө алып кирген демократия Исламга эч кандай тиешеси болбогон түзүм. Бул түзүм (система) өзүнүн жалпы түшүнүктөрү, майда тафсилаттары, пайда болуу булагы, келип чыгуу акыйдасы, курулган негизи, алып келген пикир жана мыйзамдарында Ислам өкүмдөрүнө бүтүндөй тескери. Ошондуктан, аны кабыл алуу да, (турмушта) колдонуу да, ага чакыруу да мусулмандарга катъий арам.
Демократия батыш сөзү жана атамасы болуп, «эл өзү чыгарган мыйзам менен өзүн башкаруусу» дегени. Т.а. эл бүтүндөй кожоюн – Сиядат (кожоюндук) ээси да анын өзү, бийлик тизгини да анын колунда. Ал өз каалоосу менен өзү алектенип, аны өзү башкарат. Эл өз бийлигинен башка бийликтин алдында жоопкер эмес. Сиядат ээси деген этибар менен, өзү шайлаган депутаттар аркылуу түзүм жана мыйзамдарды чыгарат жана буларды өзү дайындаган аким жана казылардын (соттордун) жардамында ишке ашырат. Аким жана казылар – эл бийлик булагы деген этибар менен – өз бийликтерин андан алышат. Ар бир адам мамлекет курууда, акимдерди шайлоодо, түзүм жана мыйзамдарды чыгарууда бирдей укукка ээ.
Бул акыйда туруксуз орточо чечим акыйдасы болуп, ал Европа жана Россиядагы король жана императорлор менен философ жана ойчулдардын ортосундагы күрөш себептүү пайда болгон. Ошол кездерде король жана императорлор: «Биз Аллахтын жердеги өкүлдөрүбүз», – деп ошону менен элди эзүү, аларга зулум кылуу жана кандарды соруу үчүн динди колдонмо, дин адамдарын болсо курал кылып алышкан эле. Бул идеологияны батыш кабыл алышында чарасыз адамдын бир чарасы катары кабыл алган болсо, биздегилер эмне үчүн демократияны тоту куштай сайрап жүрүшөт? Аллахтын бар экендигин махлуктарынан (жараткан нерселеринен) билип алууга болот, бирок, Аллахтын заты туурасында “Аллах биздин турмушка аралашпайт” деген пикирди кайсы “акылдан” айтып жатышат? Ким бул сөздү акыл негизинде далилдеп бере алат? Затын хис кылуу (сезүү) мүмкүн болбогон Жаратуучубуз туурасындагы бул пикир акмакчылык эмеспи? Пайда-зыян негизинде иш жүргүзүп, өз калкын да, ар-намысты да ойлобой турган, ыйман-этикады жок адамдарга бизди башкаргыла деп тагдырыбызды тапшырып коюу акмактык эмеспи? Калкынан өкүлдүктү алып болгондон кийин, өз пайдасына жана колонизатор кафирлер кызыкчылыгына карап мыйзам чыгаруудан депутаттарды эмне тосот? Иштердин өлчөөсү пайда-зыян болсо, алардан жакшылык, ар-намыс күтүүгө болобу?
Айланабыздагылар президент жана депутаттарды өздөрүнөн башканы ойлобой турган ар-намысын жоготкондор деп айтышпайт, себеби, алар элдин атынан иш жүргүзүшөт жана бизди бүт дүйнөгө шерменде кылышат, акыры бул демократия го.
Бийликке жеткенге чейин канчалаган бейкүнөө адамдардын каны төгүлдү. Колонизатор кафирлер байлыктарыбызды талап-тоногону жетишпегендей, калгандарын да жетекчилерибиз топтоп Россия жана Белоруссия сыяктуу мамлекеттерге өздөрү менен бирге алып кетишти. Биз эмне кыла алабыз, акыры бул демократия го…
Жаңы завод жана фабрикаларды курмак тургай, эскилерин да сатып жок кылышты. Жаштарыбыз жумуш таба албай башка өлкөлөрдө кара жумуш издеп, сарсанаада жүрүшөт. Биздин жетекчилер болсо, колонизаторлордон алган байлыктарын актоо үчүн мусулмандарга каршы күрөшүү: мусулмандарды террорист же экстремисттерге чыгаруу, кыздарыбызды жоолуксуз, ыштансыз жүрүүгө көндүрүү жана жаштарыбызга уятсыздык сабактарын окутууну мыйзамдаштыруу менен убара. «Кыздарыңардын бузулуп кетишинен тынчсызданып жатасыңарбы, кандай жашоону мектептен баштап үйрөнө турган мыйзамдардын үстүндө иштеп жатабыз, жакында бул адаттагы көрүнүшкө айланат. Кумса-гейлер азыр шаарларда башталган болсо, тез арада айылдарга да, ал тургай үй-бүлөлөргө да кирип барат. Биз чыныгы демократияны көздөй бара жатабыз», – деп катуу иштеп жатышат. Акыры бул демократия го.
Натыйжада, мусулманмын деп айта турган, турмушка азан жана такбир менен келген, жашоосун нике менен баштай турган, өлүмүн жаназасыз жерге бербей турган тарбиячы-окутуучулар кыздарыбыздын жоолуктарын тартып алышат, ыштандарын чечип ташташат. Буга каршы чыккандарды орган кызматкерлери кармап, камакка алышат. Имамдар болсо, президент жана депутаттардын акысына дуба кылышат, себеби, демократиянын туура же туура эместигин текшере турган өлчөөсү жок да. Ар кандай мыйзамды бир сессияда өзгөртүшөт, ал тургай, конституцияны да өзгөртүү эч бир кыйын эмес. Акыры бул демократия го…
Бузгунчулук кылып жүргөн уул-кыздарды ата-энеси токтотуу үчүн аракет кылса мыйзам алдында кылмышкер болуп эсептелет. Коом бузулуп бара жатканынан тынчсызданган адам террористке айланса, бардыгы өзүн ойлошу келечегибизди жана акыретибизди жок кылат. Бузукчулук чокусуна чыгат, кумсалык адаттагы көрүнүшкө айланат. Башка мамлекеттерден алып жаткан карыздар ого бетер көбөйөт. Дүйнөгө өзүбүз шерменде болгонубуз жетишпегендей, келечек муунга да шерменделик жашоосун калтырып кетебиз, себеби, биз “демократия”га унчукпай жатабыз, аны шылтоо кылып колонизатор кафирлер жана аларга малайлык кылып жаткан жетекчилерибиз каалаган иштерин кылып жатышат. Демократияга сүкүт сактоо да акмактык.
Демократияга үгүттөп жаткандарга, аны негизинде жетекчиликке умтулуп жаткандарга өз мамилебизди билдирбесек, ал сыяктуу кимселердин арабызда жүрүшүнө унчукпай тура берсек башыбыз балээден чыкпайт. Анткени, Расул(с.а.в) Абу Масъуд(р.а)дан риваят кылынган хадисте айтат: «Бани Исраилге эң биринчи кирген кемчилик төмөнкүдөй эле, бир киши башка кишиге жолуккан кезде: «Эй баланчы, Аллахтан корккун жана бул кылып жаткан ишиңди таштагын, себеби, бул нерсени кылуу сен үчүн адал-дурус эмес», – деп айтат эле. Андан кийин эртеси күнү аны менен жолугушкан кезде аны дагы кайрадан ошол абалда көрөт эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге отуруудан кайтарбайт эле. Анан алар ушундай кылышкандан кийин, Аллах алардын кээ бирлеринин дилдерин кээ бирлери менен урду». Андан соң Расулуллах(с.а.в) төмөнкү аятты кыраат кылды:
لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ
– „Бани Исраилден кафир болгон кимселер Давуд жана Иса бинни Марям тилинде наалат кылынышкан. Алардын наалаттанышына кылган күнөөлөрү жана чектен чыккандыктары себеп болду. Алар бири-бирин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылмыштары кандай гана жаман иш! Алардан көптөрү кафир болгон кимселерди дос туткандыктарын көрөсүн. Аларга көңүлү каалаган нерселери кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк азапта калуучулар. Эгерде Аллахка, Пайгамбарына жана ага түшүрүлгөн китепке ыйман келтиришкенде, аларды дос тутпаган болушар эле. Бирок, алардан көптөрү итаатсыз кимселер “. [5:78-81]
Андан кийин мындай деди: «Жок, Аллахка ант ичемин, силер албетте жакшылыкка буюрасыңар жана жамандыктан кайтарасыңар. Силер албетте залимдин колунан кармайсыңар жана аны акыйкатка бурулууга мажбур кыласыңар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуңар. Же албетте Аллах кээ бириңердибашкалырынын дили менен урат, андан соң аларды наалаттагандай, силерди данаалаттайт».