Британияда бийликтеги консервативдик партиянын элүү депутаты Британия мамлекетин Европа Союзунан убактылуу бөлүнүшү үчүн аракет кыла турган бир топту түзүштү. АКШ президенти Барак Обама болсо Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмеронду Европа Союзунун курамынан чыкпастыкка чакырууда.
“Британия үчүн консерваторлор” аттуу топтун негиздөөчүсү Стив Бейкер партияга караштуу кээ бир министрлердин катышуусу менен мүчөлөрдүн санын жүзгө жеткирүү боюнча ойлонуп жатканын билдирди.
Дэвид Кэмерондун билдиришинче, Британиянын Европа Союзунун курамынан чыгуу маселеси 2017-жылдын аягында референдумга коюлушу пландаштырылган. Кэмерондун айтымында, Британия Европа Союзуна мүчөлүгүн улантышы үчүн эл аралык мигирацияны чектөө, жалпы валюта бирдигинин зыяндарын жок кылуу, жалпы базарды өнүктүрүү маселелериндеги келишимдерди Брюссель менен жаңыдан карап чыгуу керек.
Стив Бейкердин баса белгилешинче, өкмөттүн реформа талаптары жетишсиз. Эркин аракет кылууну тартипке салуу жана кылмышкерлерди артка кайтаруу сыяктуу негизги мыйзамдардагы өзгөрүштөр колдонулушу керек, антпесе Европа Союзунан бүтүндөй чыгуу үчүн аракет кылуу күчөтүлөт. Жүргүзүлгөн акыркы сурамжылоолор англис калкынын 59 пайызы Европа Союзунун курамында калууну, 41 пайызы болсо Европа Союзунан бөлүнүп чыгууну колдой тургандыгын көрсөтүүдө.
Ошол эле учурда Америка президенти Барак Обама Британияны эскертип, Европа Союзунун курамында калуу Британия үчүн пайдалуу экендигин билдирди. “Чоң жетилик” мамлекеттеринин жыйынында сөз сүйлөгөн Обама Британия мамлекети Европа Союзунун курамында калуу менен өтө чоң кызыкчылыкка ээ болушуна ишене тургандыгын айтып өттү.