Бангладеште Хизб ут-Тахрирдин үч мүчөсү камакка алынды

262
0

Бангладеш полициясы Читтагонг шаарында Хизб ут-Тахрирдин үч мүчөсүнүн башкача кийинишин шылтоолоп камакка алды.

“The Daily Star” газетасы таркаткан кабарга ылайык, Читтагонг университетинин инженердик жана технология бөлүмүнүн студенти 25 жаштагы Исхак Хусайн, мамлекеттик соода колледжинин студенти 22 жаштагы Абдулжавад жана 25 жаштагы Ахсан Али Рияз полиция тарабынан Хизб ут-Тахрир уюмуна мүчө болгондукта айыпталып камакка алынган. Полициянын айтымында, жигиттер Читтагонг ветеринардык жана айбанат билимдери университетинде мамлекетке каршы демонстрацияларды өткөрүп жаткан убакта кармалган.

Тергөө учурунда Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү экендиктерин тан алган адамдарга карата “террордук иштерге катышуу” айыбы менен иш козголот.

Бангладеш укук коргоо органдары тарабынан чет өлкөлүк жана жергиликтүү маалымат каражаттарынын көз алдында бул үч мусулман жигиттин “Террорчу” кылмышкерлер катары көрсөтүлүшү мусулман коомчулуктун нааразылыгына себеп болду. Бангладештин белгилүү жазуучулары өздөрүнүн твиттер баракчасында берген билдирүүлөрүндө бул көрүнүштү жана жигиттердин абройуна шек келтирүүнү катуу сындашты.

Бангладештеги Хизб ут-Тахрир маалымат бөлүмүнүн билдирүүсүндө баса белгиленгендей, өкмөттүн Хизб ут-Тахрирге каршы мындай чаралары т.а. ага тыюу салышы, репрессия кылышы, ага каршы ар түрдүү доомат жана жалааларды уюштурушу Хизб ут-Тахрир ишмердүүлүгүн таптакыр токтото албай жатат, тескерисинче, Хизб ишмердүүлүгүнүн күчөшүнө себеп болууда. Билдирүүдө келишинче, учурда Хизб ут-Тахрир жүргүзүп жаткан пикирий жана саясий иш-чаралар Бангладеш коомунун бардык катмарларында колдоого алынууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here