Обама ИШИМге каршы мусулман уруулардан пайдаланмакчы

366
0

АКШ президенти Барак Обама узак жылдарга созулушу башарат кылынган ИШИМге каршы согушка азыр сегиз ай болгондугуна ишара кылып, сунний урууларды да бул согушка тартуу керектигин баса белгиледи.

“Суннийлер жашаган аймактарда аскерий машыгуудан өткөрүү иштери менен эле чектелип калбастан, ИШИМге каршы согушуу милдетин да күчөтүшүбүз керек. Мындан тышкары, сунний уруулардын азыркы абалдарын дагы да активдүү абалга айландырышыбыз зарыл”, – деди АКШ президенти Барак Обама.

АКШ президенти мурунку каталар кайталанышын каалабай тургандыгын билдирди. Анын баса белгилешинче, бүгүнкү күндө проблема АКШ өз аскерлерин Иракка жибериши же жибербестиги эмес, тескерисинче негизги проблема Ирактын көзөмөлдөн четте калган аймактарын башкарууда о.э. ИШИМди жеӊүүдө таасири болгон шериктерди кандай табуу.

Ал: “Бул жерде өрнөк алуу керек болгон маанилүү сабак ушул, эгерде ирактыктардын өздөрү мамлекетти башкаруу үчүн зарыл болгон саясий келишимди каалабаса о.э. мамлекет коопсуздугу үчүн согушууга умтулбаса, анда муну алардын атынан аткара албайбыз”, – деди.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест да Обама админстрациясы АКШ аскерлеринин согушка жөнөтүлүшүнө азыр да каршы экендигин билдирди. Эрнесттин ачыкташынча, Ирак жана Сириядагы күчтөрдүн мүмкүнчүлүктөрү күчөтүлүшүнө тиешелүү стратегия уланат.

Туркистон: 

АКШ ушул күнгө чейин өзү менен кызматташкан бирер исламий уюшмдун өз максаттарына жетишүүсүнө мүмкүнчүлүк берген эмес. Ал исламий жамааттарды туӊгуюкка алып кирип алып, өз кызыкчылыктары тарапка жүрүшү үчүн аларга ар тараптуу басым өткөрө баштайт.

Жогорудагы ИШИМ деген аталыш менен таанылган согушкерлер уюмун да, Батыш маалымат каражаттары жана интернет тармактары аркылуу бүт дүйнөдөгү мусулмандар жана кайрымусулмандар алдында адамзатка карата канкор жана исламды туура эмес түшүнүп алган адашкан топ кылып таанытып алды. Муну менен АКШ ИШИМди мусулмандар кабыл албай турган, кафирлер кооптоно турган өздүк кылып таанытып алды. Максаты, ИШИМ менен бир катар мамлекеттерди коркутуп, өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып жаткан убакта мусулмандар аны өз таасирлери астына тартып алышынын алдын алуу болчу. Ошондуктан, ИШИМди “такфир” түшүнүгү негизинде көтөрүп чыгып, Ислам өлкөлөрүндөгү бардык исламий мазхаб өкүлдөрү менен анын ортосун бузуп жиберди. Мусулмандар жашаган мамлекеттердин бийликтери, ички жана тышкы аскерий күч түзүмдөрү о.э. бүтүндөй мамлекеттик апаратка карата такфир түшүнүгү негизинде мамиле кылуу менен ИШИМчилер учурда кеӊейүү мүмкүнчүлүгүн дээрлик жоготуп алышты. Алар  бүгүнкү күнгө келип, АКШдан башка эч ким колдобой турган, тескерисинче баары жек көрө турган бир уюмга айланып калышты.

Ал тургай, алар башка исламий жамааттар сыяктуу Ислам жана мусулмандарды өзүнүн айланасына бириктирүү аркылуу куфр дүйнөсү үчүн бирер күтүүсүз проблема пайда кылуу менен аларды коркута албай турган, аталышы эле исламий жамаат болуп калышты. Себеби, аны азыркы туура эмес идеологиясы менен бир да исламий кыймыл колдобостугун АКШ өтө жакшы билет. Себеби, бул бузук идеология негизиндеги программа мазхабдарды акырындап жоготуп жиберүү негизине курулган болуп, исламий окуу жайларда куфр системасынын лицензиялары менен жана алардын көзөмөлү астында ондогон жылдардан бери билим берилүүдө. Усули фикх илимин туура эмес түшүнө турган аалымдар армиясын пайда кылып алышынан мурда дүйнө ИШИМдин “такфир” негизиндеги бузук түшүнүктөрүн кабыл албайт эле. Ошондуктан, ИШИМ учурда Ислам жана мусулмандардын атынан алардын кызыкчылыктарынан келип чыгып, бирер операция өткөрө албай турган уюмга айланып калды. Мусулмандар анын ар бир аракетине шектенүү менен карай турган болуп калышты.

Эми АКШ ИШИМ уюмуна каршы башка исламий каршылык кыймылдарын издеп жатат. Бул нерсе айбандар урушу үчүн бирөөсүнө каршы татыктуу болгон башка бир атаандаш издеп жаткан адамдын аракетин эске түшүрөт.

АКШ Ислам идеологиясынан катуу коркот. Капиталисттик түзүмдүн негизи болгон демократия идеологиясы исламий өлкөлөрдө дээрлик кризиске дуушар болду. Эми куфр системасы ушул кризисти жашыруу максатында мусулмандар өлкөлөрүндө боордоштор аралык согуштарды уюштурууга катуу көӊүл бура баштады. Бул согушта куфр аскерлеринин түздөн-түз катышуусу мусулмандарды Ислам идеологиясы айланасында бириктирип жиберишинен коркушат. Ошондуктан, алар мусулмандарды саясий жактан алсыз абалында кармап турууга катуу көӊүл бурушат. Себеби, саясий алсыздык өзүбүздүн колубуздагы үлкөн кудуретибизден өз кызыкчылыгыбыз үчүн пайдалана албай турган абалдарды пайда кылат. Мисалы, үлкөн нефть запастары колубузда бар болуп туруп, өлкөлөрүбүздө энергетикалык каатчылык проблемалары бар. Мындан да жаманыраагы, ошол кол астыбыздагы кубаттарыбызды куфр системасы бири-бирибизге каршы багыттап жиберип жаткандыгында. Сирия, Яман, Афганистан, Ливия, Ливан, Тажикстан, Ирак жана башка өлкөлөрдө болуп өткөн жана уланып жаткан окуялар буга мисал боло алат.

Кантип эле, ушунча окуялар болуп жатканын көрүп туруп да, АКШнын чакырыгына лаббай деп жооп берүүчү мусулмандар табыла берсин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here