Конституция дагы кайрадан өзгөртүлөт

288
0

 Жогорку Кеңештин расмий сайтында пайда болгон кабарга ылайык, парламенттеги көпчүлүк коалиция “Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум дайындоо туурасындагы” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

 Мыйзам долбоору башкаруучу коалицияны түзгөн фракциялардын жетекчилери Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков жана Өмүрбек Текебаевдердин демилгеси менен иштелип чыккан.

 Демилгечилердин айтышынча “2010-жылдын 27-июнундагы бүткүл элдик добуш берүү менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы өлкөдө чыныгы парламентаризмди орнотту жана бийлик менен элдин ажырымын ишенимдүү жойду. 2010-жылдын апрелиндеги элдин баатырдыгынан жаралган Конституцияда гуманизмдин бийик идеяларын, мурдагы бийлик тарабынан каралбай, тепселип келген демократиялык өнүгүүнүн жана мамлекетти куруунун ири жетишкендиктерин өзүнө камтыды жана орнотту.

 Тилекке каршы, мезгил көрсөткөндөй, Конституциянын айрым жоболору иш жүзүндө өзүн актабай калып, мамлекеттик органдардын ишинин баш аламан болушуна, бийликтин алсыздыгына жана чечкинсиздигине, элдин нааразычылыгынын өсүшүнө алып келүүдө”.

 Алардын пикиринче, мамлекетте конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө зарылдык пайда болду.

 Фракция жетекчилеринин түшүндүрмө беришинче, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тактап айтканда жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын дайындоо жол-жобосуна; Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестиги, ошондой эле фракциядан чыгаруу маселелерине; Премьер-министр болуп шайланган депутатка отставкага кеткенден кийин Жогорку Кеңештеги депутаттык кызмат ордуна кайра келүүсүнө мүмкүндүк берүү; Жогорку соттун төрагасын жана төраганын орун басарларын Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо жана башка маселелерге тиешелүү болууда.

 Туркистон:

Адамдын чектүү акылынын жемиши болгон демократия – мыйзам чыгаруу укугун ааламдардын Роббиси болгон Аллах Тааланын ордуна адамдарга берген бузук түзүм. Түзүмдүн негиздөөчүлөрү тарабынан элди башкаруу үчүн жана мыйзамдарды чыгаруу үчүн негиз катары ойлоп табылган конституция да ар дайым өзгөртүүлөргө жана карама-каршылыктарга дуушар болот. Себеби, адам өзүнүн чектүү акылы менен бардык нерсени камтып ала албайт. Дүйнөдө өзгөртүлбөгөн бир да конституция жок, муну ал тургай ушул түзүмдүн тарапкерлери жана аткаруучулары да моюнга алышат. Бирок, ошондой болсо да, колундагы бийликти сактап калуу максатында ушул бузук түзүмдүн артынан желип-жортуп жүрүүгө, аны көккө көтөрүп мактоого, адамдардын көзүнө чырайлуу көлөп көрсөтүү үчүн боёп-түзөп көрсөтүүгө аракет кылышат. Бүгүнкү күндө демократиялык түзүм акыйда жана башкаруу жагынан кризиске жүздөнүп болсо да, колонизатор мамлекеттер тарабынан мусулмандарга мажбурлап тыгыштырылууда.

 Кафир Батыш мусулмандардын өлкөлөрүнө алып кирген демократия Исламга эч кандай тиешеси болбогон куфр түзүмү болуп эсептелет. Бул түзүм өзүнүн жалпы түшүнүктөрү, майда тафсилаттары, пайда болуу булагы, келип чыгуу акыйдасы, курулган негизи о.э. алып келген пикир жана мыйзамдарында Ислам өкүмдөрүнө бүтүндөй тескери. Ошондуктан, аны кабыл алуу да, турмушта колдонуу да, ага чакыруу да, бул түзүмдүн өмүрүн узартууга алып бара турган жалпы элдик референдумдар жана шайлоолордо катышуу да мусулмандар үчүн арам.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here