Көңүл айтуу

328
0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабар беришинче, Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, 6 адамдын өмүрүн алган. О.э. 24 адам жараат алып, алардан 12 адам ооруканага жаткырылган. Окуя 24-майга караган түнү жергиликтүү убакыт менен саат 01:49 да жүз берген. Көчкү Кыр-Жол айылындагы 5 үйдү басып калган. Курман болгондордун арасында үч жаш бала бар.

 Учурда көчкү жүргөн айылдын элине зарыл болгон жардамдар жеткирилүүдө.

 Президенттин тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана вице-президент Абдрахман Маматалиевдер окуя болгон жерге жетип барышкан.

 Алмазбек Атамбаев жер көчкүдөн курман болгон адамдардын жакындарына көӊүл айтуу менен кырсыктан зыян тарткандарга 100 миӊ сомдон каражат берилишин билдирген.

 Табигый кырсыктан каза болгондордун тизмеси:

  1. 1995-жылы туулган Кенжебай кызы Элнура;
  2. 2005-жылы туулган Калыбек уулу Мирлан;
  3. 2009-жылы туулган Калыбек кызы Зарина;
  4. 1958-жылы туулган Аттокур Алымбеков;
  5. 1958-жылы туулган Жамиля  Сейдалиева;
  6. 2012-жылы туулган Аттокур уулу Нуржигит.

Биз, Туркистон сайтынын кызматкерлери да Аллахтын казасына ыйман келтирген абалда, Ырайымдуу Аллахтан ушул мекендештерибиздин акыретин абат кылышын, аларды Өз бейиштери менен ырыскыландырышын сурап калабыз.

 Алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына көӊүл айтуу менен аза кайгысын теӊ бөлүшөбүз. Аллахтан аларга көркөм сабыр, толук ыйман сурайбыз жана жараат алгандардын тез арада айыгып кетишин тилеп калабыз.

الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُم مُّصِيبَةٌ قَالُواْ إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّـا إِلَيْهِ رَاجِعونَ

Аларга мусибат-кайгы жеткенде: “Албетте, биз Аллахтыкыбыз жанаалбетте, биз Ал затка кайтуучуларбыз, – деп айтышат”.  (2:156)

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here