“Мусулман агайындар” кыймылынын маалымат катчыларынын бири Ашраф Абдулгаффар Мурси өкмөтү кафирлерге ишенип жаӊылышкандыгын билдирди. Анын ачыкташынча, “Мусулман агайындар” кыймылы Мисирдин азыркы президенти Абдулфаттах ас-Сиси туурасында АКШга ишенип өтө чоӊ ката кетирген.
“Мусулман агайындар кыймылынын эң чоӊ катасы Америкага ишениши болду. Биз АКШга ишенип ас-Сисини коопсуздук башкы штабынын башчысы кылып дайындадык. Биздин эң чоң катабыз ушул болчу. Алдын ала пландаштырылып коюлган “тил бириктирүүнүн” ичине түшүп калдык, кыянатка дуушар болдук. Ынкылап учурунда бизди колдоп-кубаттаган бир нече адамдар жогоруда айтып өтүлгөн ката саясатыбыз себептүү бизге каршы болуп калышты”, – деди Ашраф Абдулгаффар.
Белгилүү болгондой, мындан бир нече күн мурда “Мусулман агайындар” кыймылынын өкүлү, Мисирдин экс-президенти Мухаммад Мурси Мисир жогорку соту тарабынан өлүм жазасына өкүм кылынды. Ал 2011-жылдагы туткундардын камактан массалык түрдө качышына байланыштуу болгон кырсыктуу окуялар боюнча айыптуу деп табылган.
Туркистон:
Чындыгында Мисирде Хусни Мубарак кулатылгандан кийин жаңы өкмөт АКШ менен кызматташуудан баш тартпады. Акыйкатта болсо, Аллах Таала Куранда:
وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ
“Яхудий жана насронийлер тээ сен алардын динине кирмейинче эч качан сага ыраазы болушпайт.”, [2:120]
деп кафирлердин кандай экендигин бизге ачык-айкын түшүндүрүп берген.
Ошол кезде Хизбут-Тахрир уюму бир нече билдирүүлөрдү чыгарып, президент Мурси жана бүтүндөй үммөттү куфрга чегинүү коркунучунан эскерткен эле. Анын 2012-жылы 12-августта чыгарган билдирүүсүндө жалпысынан мындай деп келген:
“Мисирдеги саясий окуяларды күзөткөн адам Американын чеӊгели аскерий кеңеш жана ага көз каранды эски саясий топтун ичине кирип барганын, шайлоолордон кийинки Мисир президенти жана анын жардамчыларынан турган жаңы саясий топторго да кирип бара жатканын түшүнүп жетет”,
Дагы мындай деп келген:
“Биз бул билдирүүнү Мисир президенти Мухаммад Мурсиге дагы бир жолу насаат кылуу менен – мурунку насаатыбызды кабыл албаган болсо да – аяктайбыз… Себеби, биз насаат кылууда таптакыр үмүт үзбөйбүз, айрыкча, бул мусулман башкаруу ишине аралашкан болсо мындан үмүтүбүздү үзбөйбүз. Ошондуктан, биринчи насаатыбыз артынан ушул экинчи насаатты жолдоп мындай дейбиз: Америка чеӊгели эски жана жаӊысаясий топторго жеткен болсо да, бирок, аны кесип таштоо оӊой. Келечеги өкүнүч болгон катаны оӊдоо келечеги өкүнүчкө толгон катаны улантууга караганда жакшыраак. Себеби, Америка чеӊгели менен дос болуу жана жакын болуу пайда бербейт… Тескерисинче, эӊ пайдалуу дабаа – бул чеӊгелди кесип таштоо. Антпесе, өкүнүч болот, бирок, кеч болот, өкүнүч пайда бербейт! Аллахтын жер жүзүндөгү Кинанасы күч-кубатка ээ, анын тарыхы буга анык күбө. Кимде ким чынында Аллах менен бирге болсо албетте үстөм болот, Зикрул Хаким аяттары муну айтып турат, муну Мисир президенти да өзүнүн акыркы сөзүндө:
«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт» [12:21]
деп айтты. Ооба, Аллахтын сөзү акыйкат.
«Аллахтан чынчыл ким бар?!» [4:87]
Аллахым, Өзүң күбө болгун… биз аларга жеткирдик, Аллахым, Өзүң күбө бол… биз аларга жеткирдик, Аллахым, Өзүң күбө болгун!
Хизбут-Тахрир
25-рамазан, 1433-х.
13-август, 2012-м.