Палестиналык жаш балдар “Расулуллах с.а.в.дын байрагына ооба, баскынчылар байрактарына жок” деген аталыштагы шоу уюштурушту. Мусулмандарга Халифалык мамлекети кулатылгандыгын эскертип коюу үчүн уюштурулган шоу бүтүндөй этибарды өзүнө тартты. Жети жаштан он беш жашка чейинки курактагы балдар уюштурган шоу программада туйгуларды козгой турган Исламий нашидалар окулду. Мусулмандар зулматтан кутулушу үчүн жападан-жалгыз жол Халифалык экендигине жана ал үчүн ар бир мусулман колунан келишинче аракет кылышы зарыл экендигине тиешелүү кыска-кыска эскертүүлөр сунушталды.
Балдар шоуларын көрсөтүп жатканда, маал-маалы менен “Ислам Үммөтү Халифалыкты каалайт”, “Аллахым! Сенден башка жардамчыбыз жок”, “Лаббайка, лаббайка я Аллах” деген ураандар жаӊырып турду.
Сириялык мазлум балдар да эч качан унутулбастыгын көрсөткөн шоунун артынан кафирлер – Халифалык мамлекетин кулаткандан кийин – үммөттүн ортосунда сызып койгон чегараларды чагылдырган карталар шарттуу түрдөгү тарых таштандысына ыргытылды.
Эӊ негизгиси, бул шоуну уюштуруу иштери толук бойдон балдар тарабынан ишке ашырылды.