Жогорку Кеңеш Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча келишимди ратификациялады

423
0

  Парламент 20-май күнү болуп өткөн жыйында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кириши боюнча өткөн жылдын декабрь айында Минск шаарында жана үстүбүздөгү жылдын 8-майында Москвада кол коюлган мыйзам долбоорлорун ратификациялады.

Парламентте сөз сүйлөгөн премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын ЕАЭБге кириши капиталдын, товарлардын, тейлөөнүн эркин айланышын шарттап жана эмгек мигранттарынын ишине кеӊири жол ачышын белгилеп өттү. Ал уюмга мүчө болууну республика калкы жана бийлиги колдоп чыккандыгын билдирди.

 “Мына, акыркы сурамжылоо көрсөткөндөй, элибиздин 80-90% ушул саясатты толук колдоп жатат. Мындан башка өтө маани берип айтып кете турган сөз – президент, парламент, өкмөт бул маселеде бир муштум болуп туруп берди”, – деди Сариев.

 Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кыргыз өкмөтү жетишкен жеңилдиктер катары Темир Сариев Кыргызстан бюджетине жалпы бажы төлөмдөрүнөн 1.9% үлүш алынышын, кээ бир товарлар боюнча беш жылдык жеңилдик сакталышын, 1 млрд. доллар капиталы бар Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун түзүлүшүн, Орусиядан 200 млн. доллар грант алынышын белгиледи. Ошондой эле Казакстандан да 100 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып өттү.

 ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн парламенттери да мыйзам долбоорлорун ратификациялагандан кийин Кыргызстан уюмга толук кандуу мүчө болуп кирет.

 Өкмөттүн билдиришинче, учурда Россия, Казакстан жана Белорусия парламенттери Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши боюнча келишимдерди күн тартибине киргизип, карап чыгуунун астында турушат. Жогорку Кеӊеш Армения парламентине  келишимдерди тезирээк карап чыгуу боюнча атайын кат жөнөтмөкчү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here