Өзбек чегарачылары эки кыргызстандыкты жарадар кылды

303
0

  Кыргызстандын Чек ара кызматы 19-май күнү Өзбекстан чегарачылары аткан октун натыйжасында эки кыргызстандык жаран жарадар болгонун билдирди.

 Алгачкы маалыматтарга караганда, Кадамжай шаарынан Кызыл-Кыя шаарына бара жаткан айдоочу Өзбекстан аймагындагы транзиттик жолдон өткөн. Эки мамлекеттин ортосундагы келишимге ылайык, транзиттик жолдо транспорт каражатынын токтошуна тыюу салынган болсо да, Кыргызстандын жараны Өзбекстандын Фергана районуна караштуу Каптархана айылында токтоп кыргызстандык эки аялды машинасына отургузуп алган.

 Бул учурда өзбек чек арачылары аларга эскертүү берип, бирок айдоочу токтобой койгонуна байланыштуу ок чыгарган. Натыйжада эки киши – айдоочу жана салондогу бир аял жараат алган.

 Машина Айдаркендеги чегара отрядынын көзөмөл пунктуна чейин жетип барган. Ал жерде кыргыз чегарачылары жарадар болгондорго алгачкы медициналык жардамды көрсөтүшкөн.

 Жарадар болгондор – айдоочу жана бир аял Кызы-Кыя шаарындагы ооруканага жаткырылган. Айдоочу Кадамжай районунун, эки аял болсо Ноокат районунун тургундары экендиги аныкталды.

Туркистон:

Бул эмне, Каримовдун Атамбаев менен болуп өткөн саясий репликасы (кекетүү) үчүн атайын уюштурулган коркутуубу? Карапайым калктын арасында ушундай маанидеги саясий божомолдор жана имиштер күчөп барууда. Жарандардын ар кандай чогулушу, расмий эмес чогулуш жана достордун жолугушуудары мына ушул теманы талкуулашмайынча өтпөй турган болуп калды. Бул  жакшыбы, же тескерисинче, коом үчүн зыяндуубу?

Бул суроо кудум, курал  жакшыбы же жаманбы, деген суроого окшойт. Курал, эгерде туура максатка багытталса  жакшы, ал эми туура эмес максатка багытталса жаман. Демек, куралдын өзүнөн ага баа берүү мүмкүн болгон эч кандай сыпат табууга болбойт. Анын баасы, белгилүү бир дүйнө карашты көздөй багытталып жаткан тышкы фактордон келип чыгып, жаман же  жакшы тарапка колдонулуп жатат деген баа берилет. Мисалы, бастырып келе жаткан душманга каршы көтөрүлүп жаткан курал да, анын ээси да мактоого татыктуу. Бирок, бузук максат менен бастырып келе жаткан баскынчы колдонуп келе жаткан курал жамандыкка колдонулууда.

О.э. жогорудагы чегарада болуп өткөн канкордук же башка ушул сыяктуу аракеттер, улутчулдар өз максаттарында, мекенчилдер же жикчилдер өз максаттарында, тышкы эл аралык күчтөр да өз кызыкчылыктары жолунда пайдалана турган окуялар болуп эсептелет. Кырдаалга карай бул сыяктуу аракеттерге саясий түс берилип, адамдар арасында атайын ызы-чуу таркатылат. Кээде болсо, кыргыз бийлиги чегарабыздагы адам өлтүрүүгө карата кайдыгерлик абалында болуп жатканы сыяктуу, маалымат каражаттарында да көп ачыкталбайт.

Бул сыяктуу чыр-чатактардын кээ бирине кандай мамиле кылуу керектигин, чоӊ куфр мамлекеттердин атайын Кыргызстан үчүн иштеген институттары же атайын дайындалган кеӊешчилер белгилеп беришет. Мисалы, Рашод кары Камаловдун камакка алынышында, аны мамлекет жана коом үчүн өтө кооптуу адам кылып көрсөтүү максатында, “Азаттык радиосу” баш болуп, бүтүндөй маалымат каражаттары бир тарапка карай багыттандырылды. Өзбекстанда шайх Мухаммад Садык өлгөндө ал кишинин жаназа намазына катышуу максатында жүз миӊдеген адамдар өз ыктыяры менен Ташкентке баргандыгы жөнүндө дээрлик бир да маалымат каражаты кабар берген жок. Демек, маалымат каражаттары дүйнө бойлоп бир чекиттен, белгилүү бир максатты көздөй багыттандырып турулат. Чоӊ шаарларда маалымат каражаттары дээрлик жападан-жалгыз пикирий багыттоо куралы болуп калган десек аша чапкан болбойбуз.

Ошондуктан, жарандарды пикирлүү болууга, исламий дүйнөкараштарын күчөтүү менен бир катарда, ушул дүйнөкараш негизинде мусулмандарды туура пикирий жетекчиликке көздөй даъват иштерин алып барууга чакырабыз. Мусулмандардын негизги проблемасы да кудум ушул өз кызыкчылыктарыбызды туура белгилей албастан, бири-бирибизге каршы аракеттенип жатканыбыздан келип чыгат. Бул сыяктуу аракеттерибиз куфр бизден күтүп жаткан, анын максаттары жүзөгө чыгышындагы негизги факторлордон болуп эсептелет.

Чегарадагы канкордук бул бир мусулмандын экинчи мусулман тарабынан өлтүрүлүшү деп этибар кылынат. Бул хос шаръий өкүм негизинде ажырым кылынышы керек болгон иш болуп, атайын дайындалган кызматкерлер ушул ишти туура ажырым кылуудан баш тартып жатышкандыгы үчүн жооп беришет. Бул улуттук душмандык негизиндеги аракет эмес. Тескерисинче саясий басым өткөрүү максатындагы Каримовдун кезектеги коркутуусу деп айтууга болот.

Кыргыз өкмөтү болсо, ушул сыяктуу көбөйүп бара жаткан чегара проблемаларын чечүү максатында, “элдик коргоочулар” деген аталыш менен жарандарга курал тарката баштады. Бул нерсе, алсыздыгын тан алуу менен бир катарда, коргонууну элдин өзүнө тапшырып коюу эмеспи. Бул нерсе кыргындарга себеп болуучу согуштарга алып барышы мүмкүн болгон абал. Себеби, куралданган эл экинчи тараптын калкын да куралданууга жана чабуул кылууга провакация кылат. Мамлекет ушул сыяктуу өзүндөгү мамлекеттик сыпатын жоготуп бара жатканын жашыруу максатында, дагы кайрадан мусулмандар коркунучу деген аталыш менен жаңы оюндарды уюштуруу туурасында пикирлей баштайт. Мусулмандар атынан жардыруу иштерин уюштуруу, же Баткен тараптан бастырып кирип келе жаткан шарттуу басмачылар коркунучун күчөтүү, же жогорудагы сыяктуу абалдарды көбүртүп, аны улутчулдук же диний радикализм максаттары үчүн ишке ашырылган кылып көрсөтүү сыяктуу белгилүү бир максаттарды көздөй буруп жибериши да мүмкүн.

Өкмөттүн ушул аракеттеринин бардыгы Өзбекстан өкмөтү алдындагы алсыздыгын жашыруу максатында жүргүзүлүп жатат. Кыргыз өкмөтү, ал тургай өзбек өкмөтүн ыраазы кылуу максатында, шайх Рафик кары Камоловду атып өлтүргөн эле. Андан кийин анын уулу Рашод кары Камаловду камакка алды. Хизб ут-Тахрирдин канчалаган мүчөлөрүн курулай дооматтар менен камап жатат. Бирок, ушулардын бардыгына карабастан, өзбек тарап Кыргыз өкмөтүндөгү министрлерге карата, ал тургай өздөрүнө таандык дипломатиялык мамиле кылууну да ордуна коюшпайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here