Татарстанда диний мекеме динге каршы күрөшүүдө

336
0

Россиянын Татарстан республикасында бүгүнкү күнгө чейин прократура жана соттор тарабынан чыгарылып келе жаткан Исламга тиешелүү кээ бир токтомдор эми мамлекетке караштуу диний уюмдар тарабынан да чыгарыла баштады.

Татарстан мусулмандарынын диний мекемеси айрым Исламий китептерди “тыюу салынган китептер тизмесине” киргизүү туурасында токтом чыгарды. Такиюддин Набахоний, Абдулкадим Заллум, Ато бин Абу Рашта, Насриддин Албаний, Абдуррахман Саъдий, Хасан ал-Банна, Саид Кутб сыяктуу негизинен 16 адам авторлугундагы китептер кара тизмеден орун алды.

Мусулмандар диний мекемеси тарабынан тыюу салынган диний китептер тизмеси Татарстандын ички иштер министрлигине жана республика прократурасына да жиберилди. Андан кийин болсо бул кара тизме кеӊири масштабда бардык мечиттердин имамдарына да таркатылды. Тизмеде көрсөтүлгөн китептерди чогултуу үчүн жооптуу адамдар белгиленди. О.э. аларга бул китептердин таркатылышын көзөмөлдөө милдети да жүктөлдү.

Мусулман активисттер жана көз карандысыз диний уюмдар Татарстан диний мекемесинин бул иш-аракетин Россия өкмөтү менен кызматташуу катары баалап жатышат. Адистердин пикиринче, мындай токтомдор мамлекетке байланыштуу диний уюм тарабынан эмес, тескерисинче мамлекеттин прократурасы же соттору тарабынан чыгарылышы керек.

Туркистон:

Бул кордук Кыргызстан диний мекемесин да өз иримине тартышы мүмкүн. Кыргызстан мамлекети Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө Россия мамлекети сунуштап келе жаткан чара жана ыкмаларды дээрлик бирин калтырбастан көчүрүп алуу менен иш жүзүндө аткарып келе жатат.

Бул албетте ар кандай диний мекеме же адамдар үчүн кордук болуп эсептелет. Алар канчалык актанышпасын, экинчи тарапты каралоого канчалык аракет кылышпасын, мамлекеттер аларды өз кызыкчылыктары жолунда иштетип жатышат. Диний уюмдар үчүн, жалпысынан мусулман адам үчүн, куфрдун кол астында анын колдоосу менен ушул куфр мамлекети же жамаатынын кызыкчылыгы жана максаты негизинде уюшуу арам. Куфр мамлекетинин жетекчилери муну билишпейт. Билишкенде да бул арам иштен аларга эч кандай зыян жок. Бирок, мусулмандар бул сыяктуу кордуктан этият болушубуз керек.

Кордук, азиздиктин тескериси болуп, “өз ишенимине же принципиалдуу амал кылышы шарт болгон түшүнүктөрүнө каршы, белгилүү бир күч тарабынан, ошол жашоо образына тескери иштерди кылууга мажбурлануу” деп этибар кылынат. Бул диний жетекчилер, “биз диний радикализм коркунучунун алдын алуу үчүн күрөшүп жатабыз” же “динибиздин өнүгүшү, өлкөбүздүн тынчтык жана бейпилдиги үчүн мамлекетке жардам берип жатабыз” деген сыяктуу дагы башка чырайлуу сөздөрдү канчалык ойлоп табышпасын, булардын баары жалган. Себеби, мамлекет алар айтып жаткан күрөштө диний жетекчилерди өзүнө шерик деп билбейт. Эгерде андай болгондо, бул диний уюмдардын ачык куфрга далалат кылуучу мас кылуучу ичимдиктерге каршы, сойкуларды коргоочу мыйзамдарга каршы, же кумаркана жана ачык арам болгон сүткордук негизиндеги банк системасына каршы жок эле дегенде хутба кылып турушуна уруксат бериши керек болчу. Бирок, бул кордукту кабыл алуучуларды мамлекет өз кызыкчылыктарынан келип чыгып, белгилүү бир максаттарга карай багыттандырат. Бул сызыктан чыгып бара жаткандарды болсо жазалайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here