Боордошубуз Абдураззактын дүйнөдөн кайткандыгы туурасындагы кабар

346
0

Боордошубуз Абдураззактын дүйнөдөн кайткандыгы туурасындагы кабар

 مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُم مَّن قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلا

Момундар арасында Аллахка берген убада-шерттеринде бек турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасын аткарышты (т.а. шейит болду), айрымдары болсо ынтызар, алар (мунафыктарга окшоп Аллахка берген убада-шерттерин) өзгөртүшкөн жок”.   (33:23).

 Боордошубуз Абдураззак көпкө созулбаган оорудан кийин, 2015-жылдын 10-май жекшембиге өтө турган түнү 47 жашында ааламдан өттү. Ал Хизб ут-Тахрирдин сабында имердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн Душанбе шаарындагы 3/1 номердеги колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан эле. Боордошубуз Абдураззак Хизб мүчөсү болгондугу себептүү 2002-жылы 9-сентябрда кармалган жана тогут Эмомали Рахмон режими тарабынан акыйкатсыздык менен сотттолуп, залимдин камагында дээрлик 13 жылдан бери кармалып келе жаткан эле. Ал үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында азаттыкка чыгышы керек болчу.

 Пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва саллам: “Өлүм – момунга белек”деген. (Табароний риваяты)

 Акыры, өлүм – мусулмандар үчүн убактылуу дүйнөдөн айрылып, өзүнүн түбөлүктүү мекенине кайтуу эмеспи. Чындыгында, биздин боордошубуз өзүнө ушундай жашоону тагдыр кылган Улуу Роббисинин алдына кайтты. Маркум боордошубуз Роббисинин алдына, кеңдиги жер-асмандарга барабар болгон бейишке шашылды. Ал Рошид Халифалыкты кайрадан тикелөө аркылуу Аллахтын шариятын дүйнө жүзүндө өкүмдар кылуу үчүн Хизб ут-Тахрир менен бирге активдүү аракет кылды. Аллахтын жолунда өзүндөгү бар болгон мүмкүнчүлүгүн ишке салган боордошубуз Абдураззак ыйманы бакубат, жөнөкөй, карапайым жана илбериӊки жигит эле. Ал бейшемби күнү эртелеп ооруй баштаган жана үч күндөн кийин ич оорусу т.а. ашказан-ичеги оорусу себептүү көз жумган.

Пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва саллам: “Ким Аллахтын жолундаөлтүрүлсө, ал шейит. Ким Аллахтын жолунда өлсө, ал шейит. Ким вабо (кара тумоо) ооурусунан өлсө, ал шейит. Ким ич оорудан өлсө, ал шейит”, – деген.  (Муслим риваяты).

О.э. Расулуллах саллоллоху алайхи ва салламдан риваят кылынган хадисте: “Кимде-ким Аллахтан чын дилден шейиттикти сураса, ал төшөктө жатып өлсө да Аллах аны шейиттер даражасына жеткирет», –  деген. (Муслим, Абу Давуд, Термизий, Насаий риваяты).

Боордошубуз Абдураззак Аллахтан шейиттикти сураганынан шектенбейбиз. Биз Кудуреттүү Аллахтан аны Өз рахматына алышын, ага Фирдавс бейишин, жакындарына болсо сабыр-такаат беришин сурайбыз.

Хизб ут-Тахрир сабында ишмердүүлүгүн жүргүзгөнү үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган жана учурда Нурек шаарындагы аялдар камагында акыйкатсыздыктан зулум тартып жаткан боордошубуз Абдураззактын жубайына Аллахтан сабыр-такааат жана жеӊилдик беришин, муслима жана мазлума эжебизге, перзенттерине кенен ырыскы  беришин о.э. залимдин зулумунан куткарышын сурайбыз.

 Боордошубуз Абдураззак да кудуреттүү Аллахтын алдында шейиттер үчүн даярдалган улуу даражада, акыйкат сөздү айтканы үчүн залимдер камактарында шейит болгон боордошторубуз менен бир катарда болот, инша Аллах.

 Акыйкат сөздү айткандыгы үчүн тоугттар камактарында өткөргөн көп жылдык азаптарга сабыр кылганы себептүү Аллах тарабынан болуучу ажр-сыйлыктарга жетишкен адамдар, шек-күмөнсүз, жеӊүүчүлөр.

 Чындыгында, боордошубуз Абдураззактан айрылып калганыбыз себептүү жүрөктөрүбүз кайгыга толду, а бирок, биз Аллахты ыраазы кыла турган сөздөн башка сөздү айтпайбыз:

إنا لله وإنا إليه راجعون

“Албетте, биз Аллахтыкыбыз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз”. (2:156)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here