Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева мамлекеттин түштүгүндө хижаб кийген кыздар көбөйүп жатканынан тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу экс-президент Бишкек шаарында 15-май күнү башталып эки күнгө созула турган “Пекин+20 платформасынын алкагында гендердик теӊдикке жетишүүдө парламенттин ролу” деген аталыштагы эл аралык конференцияда айтып өттү.
“Биздин аймактагы кыздардын келечегинен тынчсызданып жатам. Мен жакында эле республиканын түштүк областтарына барып келдим жана мектептерде көптөгөн окуучу кыздар жоолук менен жүргөнүнө ызаландым. Бизде билим берүү министрлиги окуучу кыздарга жоолук салынуу укугун бериши керек деп бул маселени парламентте тынымсыз көтөрө турган депутаттар бар. Бирок, биздин аялдар жана эркек депутаттар эч качан аларды сындап, аларга каршы бир ооз сөз айтканга да жарашпайт. Себеби, алар өздөрүнүн жасалма электораты (шайлоочулар добушу) үчүн күрөшөт. Мырзалар, биз кайсы жакты карай бара жатабыз?” – деди Роза Отунбаева.
Туркистон:
Колонизатор ири мамлекеттер тарабынан ойлоп табылган гендердик теӊ укуктуулук (жыныстар ортосундагы теӊ укуктуулук) бүгүнкү күнгө келип шарият өкүмдөрүнө тескери экендигинен тышкары, аялдардын проблемаларын чечүүдө да ийгиликсиздикке дуушар болгону анык болсо да, өз кожоюндарынан алып жаткан грант жана жардамдарды актоо максатында болгон исламий өлкөлөрдүн акимдери бул терминди Үммөттүн аӊ-сезимине сиӊдирүү үчүн астейдил аракет кылып жатышат. Бул саясат иш жүзүндө колдонулушунун натыйжасында аялдардын мойнуна тиричилик машакаттары жүктөлдү. Аялдар эркектер менен бирдей иштөө жана эч бир муктаждык болбогон абалда эркектер менен аралашып жүрүү “укугуна” ээ болушту.
2010-жылдагы мамлекеттик төӊкөрүштөн кийин Кыргызстандын президенти болгон Роза Отунбаева эгерде чындап эле кыз-келиндердин келечегин ойлогон болсо, мектептеги хижабдуу кыздардан эмес, тескерисинче, тиричилик кылуу камында эртеден-кечке чейин эркектер менен теӊме-теӊ иштеп жаткан, жайдын мээ кайнаткан аптабына, кыштын ызгаардуу суугуна карабастан базарда соода кылып жаткан кыз-келиндер көрүп жаткан азаптарга ызаланып, түнкү клубдарда жарым жылаӊач таӊ атканча тентиреп жүргөн, мажбур болгондуктан же көӊүл ачуу үчүн денесин саткан кыз-келиндердин тагдырынан тынчсызданат болчу.