ЕАЭБ Кыргызстандын биримдикке кошулушун макулдады

389
0

“РИА Новости” агенттиги: Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) Кыргызстандын бул уюмга мүчө болушун макулдады. Бул тууралуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев билдирди, – деп кабар берди.

 “Тактоону талап кылган бардык суроолор чечилди. Бүгүн биз кыргыз тарапты биздин биримдикке толук мүчө катары кабыл алчу документке кол коюп жатабыз. Мен муну менен Кыргызстанды куттуктаймын”, – деди Назарбаев.

 Назарбаев о.э. ЕАЭБ Вьетнам менен эркин соода аймагын түзүү боюнча келишим түзүүнү пландаштырып жаткандыгын билдирди.

 Назарбаевдин айтымында, Түркия, Индия, Азербайжан жана Монголия мамлекеттери да ЕАЭБ менен экономикалык кызматташтык боюнча келишим түзүүгө кызыгуусу бар экендигин билдиришкен.

 Казакстан президенти бул сунушту карап чыгууну биримдиктин мүчөлөрүнөн суранды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here