Путин Исламга каршы мыйзамды күчөттү

285
0

Россия президенти Владимир Путин маалымат каражаттары аркылуу “радикализм”ге (т.а. Исламга) чакыргандарга карата чоӊ өлчөмдө штраф салуу жазасын өз ичине алган мыйзамга кол койду.

Владимир Путиндин маалымат каражаттары аркылуу “терроризм” жана “экстремизм” таркатылышына каршы жаза-чараны күчөткөнү туурасындагы кабарды Россиянын бардык расмий маалымат агенттиктери жарыя кылышты. Бул мыйзам Россия Мамлекеттик Думасы тарабынан ушул жылдын апрель айынын акырында кабыл алынган.

Жогорудагы мыйзамга ылайык, экстремизмге тиешелүү кабар же материалдарды даярдаган жана маалымат каражаттары аркылуу таркаткан адамдарга чоӊ өлчөмдөгү штраф салынат.

Бул мыйзамдын алгачкы көрүнүшү боюнча жогоруда айтылган кылмыш үчүн 100 000 рублга чейин штраф салынат эле. Жаӊы мыйзам боюнча бул штрафтын көлөмү бир нече эсеге көбөйдү. Мисалы, бул кылмыш менен айыпталган юридикалык жактар 100 000 рублдан 1 000 000 рублга чейин штраф төлөшөт. Кылмыш жолунда колдонулган деп табылган буюмдар да конфискация кылынат.

Исламдын өнүгүшүнө каршы мындай репрессивдүү көрүнүштө иш кылынышынын себеби, Россия режиминин Исламдан коркуп жаткандыгында. Россия өкмөтү бул иш-аракети менен Россияда Исламдын таасирин азайтууга аракет кылып жатат. Ошол себептен улам, Россия федералдык күчтөрүнүн мусулман активисттерге каршы ар түрдүү дооматтарды токуп чыгарып, ар түрдүү шылтоо жана жалган айыптоолор менен алардын үстүнөн кылмыш иштерин козгоп жатканына күбө болуп жатабыз. Жыл сайын ар түрдүү ыкмалар аркылуу мыйзам беренелерин дагы да оорураагына алмаштырып жатышат.

Серепчилердин айтымында, орус өкмөтү мамлекеттин түрдүү региондорунда Исламга каршы душмандык менен репрессивдүү саясат жүргүзүп жатканына карабастан, Ислам дагы да өнүгүп жатканы жана мусулмандар да активдүү болуп бара жатканы күзөтүлүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here