ШКУнун башкы катчысы Индия жана Пакистандын ушул уюмга мүчө болушунан үмүттөнгөндүгүн билдирди

323
0

 Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев “РИА Новости” агенттигине берген интервьюсунда баса белгилешинче, уюмду кеңейтүүнүн укуктук-өлчөмдүк базасы калыптандырылган, ошол себептен улам уюмга жаңы мамлекеттердин, ошону менен бир катарда, Индия жана Пакистандын мүчө болушу жакын арада ишке ашуусу мүмкүн.

 Өткөн жылы Душанбеде болуп өткөн ШКУ саммитинде президент Владимир Путин Россия уюмга төрагалык кылышы доорунда ага бир катар жаңы мамлекеттерди, ошону менен бир катарда, Индия жана Пакистанды кошуу боюнча аракет кыла тургандыгын билдирген болчу.

 Эми Мезенцевдин сөздөрүнө караганда, бул жааттагы укуктук иштер аяктаган жана жаңы мамлекеттерди уюмга кабыл алуу эч кандай проблема жаратпайт. ШКУнун башкы катчысы: “Индия жана Пакистан боюнча токтом кабыл алынышынан үмүттөнөмүн. Бул нерсе уюмдун жөндөмүн жогорулатат, ШКУнун региондогу таасирин күчөтөт о.э. анын региондук жана эл аралык саясий маселелер чечиминде активдүүрөөк катышуусуна чөйрө жаратат”, – деп баса белгиледи.

Туркистон:

Россия Кытай жана Индия тарапка экономикалык алакалар жана шарттарын кеӊейтүү ниетинде экендиги белгилүү. Бирок, бул иштин өтөөсүнөн чыга албай жатат. Аныгыраагы, АКШ жол бербей жатат. Жогорудагы билдирүүлөрү да мына ошол максатын көздөй багытталып жаткан кезектеги аракеттердин бири.

Россия Европадагы үлкөн бир базарын дээрлик жоготуп бара жатат. Эми Борбор Азиядагы сырьё базасын да жоготуп коюшу мүмкүн. Себеби, Өзбекстан жана Түркмөнстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп  жаткан Россиянын Газпром компаниясы бул мамлекеттер үчүн пайдалуу келишимдер аркылуу пайдалуу шарттарды түзүп бериши керек. Болбосо, Европага сата албай жаткан нефть жана газ тармагын, башка пайдалуураак келишим сунуштоо аркылуу башка мамлекеттер тартып алышы, же нааразылык пайда кылуу аркылуу өздөрүнүн саясий максатында пайдаланып калышы мүмкүн.

Ошондуктан, Россия Кытай жана Индия базарларына чыгып алууну максат кылды. Бирок, бир нече жылдардан бери ушул багыттагы аракеттерине АКШ ачык эле каршылык кылып келет. Ал Индияга бир нече жолу эскертүү жасады. АКШ бул эки мамлекет менен үлкөн экономикалык жана гуманитардык келишимдерди түзгөн. Ошондуктан, Россиянын АКШ каршылыгы астында же аны менен келишпей туруп бул өлкөлөргө кирип барышы өтө кыйын. АКШ болсо Россия жеӊилдик таап кетиши мүмкүн болгон бул мамлекеттер тарапка ага жол бермекчи эмес. Ал үчүн АКШнын эл аралык майдандагы таасири сынышы, же болбосо Россия өзүнүн таасирин бир аз болсо да жогору көтөрүшү керек.

Россиянын бүгүнкү абалы Путиндин кежирдиктери астында барган сайын төмөндөп бара жатат. Россия өз тизгинин Путиндин колунан тартып алып, өзүнүн абалына реалдуу көз менен карап, эл аралык майдандагы өзүнүн чыныгы ордун ээлебесе, абалы начарлап бара берет. Россиянын бүгүнкү орду – ашып кетсе – экинчи таасирдүү мамлекеттер катарында.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here