АКШдан Түркияга атайын топ келди

285
0

Сириядагы муътадил (демократия тарапкери болгон) оппозиция өкүлдөрүн аскерий машыгуудан өткөрүү боюнча АКШ менен Түркия ортосунда октябрь айынан бери сүйлөшүүлөр уланып келе жатат. Түпкүлүгүндө, бул долбоор 2014-жылдын декабрь айынан башталып үстүбүздөгү жылдын февраль айында аякташы керек болчу. Белгилүү себептер менен эки жолу кечиктирилген машыгуудан өткөрүүнү баштоо жараяны ушул күндөрдө акыркы баскычына жеткендиги айтылууда.

Хуррият газетасынын жазышынча, 40 адамдан турган атайын топ АКШдан Түркияга келген. Адистердин айтымында, аскерий машыгуулар он күндүн ичинде башталат. Машыгуудан өтө турган муътадил оппозиция өкүлдөрүнүн көпчүлүгү түркмөндөр. Согушкерлерди тандап алуу иштерин улуттук разведка уюму жүргүзөт.

Аскерий машыгуудан өткөрүү долбоорунун башка бир канаты бир аз мурда Иорданияда башталган эле. Сириялыктарды бардык аскерий жабдыктар менен камсыздоо АКШнын мойнунда. Пентагон Түркия менен бир катарда Саудия, Катар жана Иорданияда бир жылдын ичинде сириялык муътадил (демократия тарапкери болгон) оппозиция өкүлдөрүнөн беш миӊ адамды аскерий машыгуудан өткөрүүнү пландаштырган. Ошолордун эки миӊи үстүбүздөгү жылдын аягына чейин чейин Түркияда аскерий машыгуудан өткөрүлөт.

Аскерий машыгуудан өткөрүүнүн чыгымы беш миллион доллардан ашып кетиши айтылып, мындан канчасы Түркиянын мойнуна жүктөлүшү туурасында маалымат жашыруун кармалууда.

Ал-Жазира телеканалынын журналисти доктор Ахмад Муваффақ Зайдан АКШнын «Сирия муътадил оппозициясы» деп аталып жаткан кимселерди машыгуудан өткөрүшүн “Америка кызыкчылыктары жолунда «малайлык кылуу» боюнча машыгуудан өткөрүү” деп атады. Зайдан твиттер аркылуу жиберген твитте: «Сирия муътадил оппозициясын машыгуудан өткөрүүдөн көздөлгөн максат, Америкага малайлык кылуу боюнча машыгуудан өткөрүү, себеби, козголоңчуларда машыгуудан өткөндүк тажрыйбасы жетиштүү экенин, аларга курал-жарак гана жетишпей жатканын ар кандай караӊгы адам да жакшы билет», – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here