Араб мамлекеттеринин өкүлдөрү Каирде жыйын өткөрүштү

306
0

Араб Мамлекеттери Лигасына мүчө мамлекеттердин аскерий башкы командачылары Каирде жыйын өткөрдү. Жыйында Лигага мүчө мамлекеттер ортосунда “Бириккен Араб күчтөрүн” түзүү маселеси негизги тема катары талкууга коюлду.

Араб Мамлекеттери Лигасынын жетекчиси Набил Арабий Лиганын алкагында биргелешкен бир күч түзүү каалоосу бар экендигин билдирди. Болуп өткөн жолугушууда регионалдык кризистерге жана терроризмге (Исламга) каршы күрөш жаатында кызматташтыкта иш алып баруу маселелери да көрүп чыгылды.

Ал-Арабий жыйында бул уюм узак убакыттан бери өз таасирин жоготкондугу үчүн о.э. муну кайрадан тикелөө үчүн араб мамлекеттери ортосунда ортоктош куралдуу күч түзүү керектигин баса белгиледи. Лиганын башкы катчысы 65 жылдан бери ушундай бир күч түзүү тууралуу сөз кылынып келе жаткандыгын айтып, мындан кийин ишке өтүү керектигин билдирди.

Өткөн айда Мисирдин борбору Каирде уюштурулган жыйында Араб Мамлекеттери Лигасына мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери катышкан эле. Ошол жыйында регион коопсуздуган коркунуч туудуруп жаткан куралдуу (жихадий) топторго  каршы күрөшө ала турган “Бириккен араб күчтөрүн” түзүү токтому тастыкталган эле. Бул жолку жыйында да дал ушул маселе негизги тема катары талкуу кылынды жана сөздөн ишке өтүүгө чакырыктар болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here