Сирия маселеси боюнча дагы бир жолугушуу

294
0

БУУ Сириядагы кризисти жөнгө салуу максатында дагы бир конференция уюштурууга киришти. БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан Де Мистура Сирия режиминин өкүлдөрү жана ага каршы күрөшүп жаткан оппозиция өкүлдөрүн май айында өткөрүлүшү пландаштырылган конференцияга катышуу үчүн Женевага чакырды. БУУнун маалымат катчысы Ахмад Фавзи бул конференция 4 – 6 апта ичинде ишке ашырылышы пландаштырылгандыгын билдирди.

Фавзинин айтымында, Швейцариянын Женева шаарында уюштурула турган конференцияда эки тарап менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрүлөт. БУУнун маалымат катчысы жолугушуу карапайым көрүнүштө өтүшүнө, чоӊ жыйын өткөрүү планы жоктугуна, бирок, бул жыйындан улуу натыйжалар чыгышы божомолдонуп жаткандыгына ишара кылды.

Ахмад Фавзинин баса белгилешинче, конференцияга Сирияда күрөшүп жаткан тараптар менен бир катарда чоӊ мамлекеттер жана аймактык мамлекеттерден да өкүлдөр чакырылган, алардын арасында Иран да бар, бирок, “Террорчу” топ деп таанылган Исламий жамааттар бул конференцияга катышышпайт.

Фавзинин айтымында, Де Мистура жолугушуунун натыйжаларын БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мунга 30-июнь күнү сунуштоо ниетинде. 30-июнда Женева декларациясы кабыл алынганына 3 жыл болот.

“Reuters” маалымат агенттигине интервью берген кээ бир дипломаттар Мистура демилгеси менен уюштурулушу күтүлүп жаткан бул конференциядан бирер натыйжа чыгышына күмөн менен карай тургандыгын билдиришти. Алардын айтымында, Россия бийлиги бул жолугушууда Сириядагы жихадий топторго каршы бир союз түзүлүшүнөн үмүттөнүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here