Мисирдин расмий газетасы таркаткан кабарда айтылышынча, Мисир президенти Абдулфаттах ас-Сиси чегара аймактарда жаңы тоннел казган жана казылган тоннелден өткөн адамдар туурасында 21/2015 номерлүү жаңы токтом кабыл алды. Ошол токтомго ылайык, мамлекеттин чегараларында тоннел казган, казуу үчүн даярдык көргөн, чет элдик жарандар менен алака орнотуу жана аларга түрдүү продукцияларды жеткирип берүү үчүн казылган тоннелдерден пайдаланган адамдар өмүр бою камак жазасына өкүм кылынат.
Чегара аймактарда тоннелдин казылышынан кабардар болуп, тийиштүү жерлерге кабар бербеген адамдар да өмүр бою камак жазасына өкүм кылынышы токтомдо баса белгиленген. Токтомго ылайык, тоннел казууда пайдаланылган имарат жана жерлер о.э. колдонулган техникалык жабдыктар конфискация кылынат.
Мисир конституциясына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекет президенти мыйзамдын алкагында жаңы токтом чыгаруу укугуна ээ. Чыгарылган жаңы токтом мамлекеттик расмий газеталарда басылып чыгары менен күчүнө кирет.
Тоннелдер курчоодо калган Газанын кан тамырлары болуп эсептелет. Газа калкы үчүн зарыл муктаждык болуп эсептелген азык-түлүк төр жана дары-дармектер, ал тургай тирүү жаныбарлар да ушул тоннелдер аркылуу Мисирден Газага алып өтүлөт. Ушул кезге чейин бул тоннелдердин көпчүлүгү яхудий вужудун курсант кылуу жолунда Мисир өкмөтүнүн демилгеси менен бузуп ташталган.