Россия Тажикстанга 1 миллиард доллардан ашуун аскерий жардам берет

267
0

Россиянын Башкы аскерий штабындагы булактын маалыматына таянган абалда “Коммерсант” басылмасынын кабар беришинче, Россия жакынкы жылдар ичинде Тажикстанга 70 миллиард рубль (1 миллиард 230 миллион долларга жакын) өлчөмүндөгү аскерий-техникалык жардам берет. Тажикстандын куралдуу күчтөрүн модернизация кылуу боюнча келишүүгө 2014-жылдын жай мезгилинде жетишилген болсо да бериле турган жардамдын көлөмү эми ачыкталды.

 Басылманын кабар беришиниче, Тажикстан жардамдын алкагында Жамааттык коопсуздук туурасындагы келишим уюму линиясы боюнча байланыш каражаттары, ок атуучу куралдар жана ок-дарылардан баштап, авиация, артиллерия жана зениттик-ракета комплекстерине чейинки кеӊири масштабдагы курал-жарактарга ээ болот. Куралдар негизинен Россия Коргоо министрлигине караштуу бөлүктөрдөн келет.

 Россия өкмөтү Тажикстанга курал-жарак жеткирип берүү менен эле чектелбестен, бул мамлекеттин аймагында жайгашкан 201-аскерий базасындагы аскерлердин санын да көбөйтүүгө токтом кылды. Аскерий базанын командачысы Евгений Туболдун айтымында, кийинки беш жылдын ичинде аскерий кызматкерлердин саны 1,5 пайызга көбөйүп, 9 миң адамга жеткирилет.

 “2020-жылга чейин аскерий базанын өздүк курамын 9 миңге жеткирүү планы бар”, – деди Тубол. Анын айтымында, учурда аскерий базада 5,9 миң адам кызмат кылууда жана миңден ашуун аскерий техникалар бар.

 Борбор Азияда өзүнүн аскерий аралашуусун күчөтүү үчүн олуттуу аракет кылып жаткан орус өкмөтү Тажикстан эле эмес, Кыргызстанды да курал-жарак менен камсыздап келүүдө.

 ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа “K-News” сайтына жума күнү берген билдирүүсүндө: “Кыргызстан жетекчилиги сунуштаган программага ылайык (аскерий техникалар жеткирип берүү) уланууда жана ушундай көрүнүштө уланат”, – деди.

 Ошол эле убакта Башкы катчы Кыргызстанга жеткирип берилип жаткан курал-жарактардын түрүн жана көлөмүн ачыктоону каалабады.

 Белгилүү болгондой, 2012-жылы Кыргызстанга Россия тарабынан 1 миллиард долларлык курал-жарак жеткирип берүү боюнча келишим түзүлгөн, курал жана аскерий техникаларды жеткирип берүү 2013-жылдын декабрь айында башталган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here