Россия президенти Владимир Путин Россия муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдинди үчүнчү даражадагы “Мекен алдындагы кызматы үчүн” ордени менен сыйлады.
23-март күнү президент Путин тарабынан кол коюлган токтомго ылайык, Равиль Гайнутдин коомдун арасында улуттар аралык жана диндер аралык тынчтык жана шайкештикке салымын кошкондугу себептүү бул сыйлыкка татыктуу деп табылган.
Россия муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин 20090-жылдын август айында да ошол кездеги президент Димитрий Медведев тарабынан төртүнчү даражадагы “Мекен алдындагы кызматы үчүн” ордени менен сыйланган эле.
Ошону менен бир катарда муфтий Гайнутдин диндер аралык таттуулук, улуттук биримдик жана калктарды моралдык жандантууда кызмат көрсөткөнү үчүн Россия федерациясынын “Достук” ордени сыяктуу дагы башка бир нече ордендерине да ээ болгон.
Россия муфтийлер кеңеши бардык маселелерде өкмөттүк саясатка шайкеш иш жүргүзүү менен таанылган.
Туркистон:
Россия сыяктуу куфр мамлекети тарабынан берилип жаткан мындай сыйлыктар момун мусулман үчүн сыймык болушу мүмкүнбү?
Колонизатор Россия мамлекети жүргүзүп жаткан саясат менен шайкеш иш алып барышы момун үчүн эмнени түшүндүрөт?
Жалпысынан куфр негизинде же кайрыисламий саясат жүргүзүп жаткан өкмөттөр менен шайкештикте кылынып жаткан иштер исламий болушу мүмкүнбү?
Ислам менен куфр биргеликте, бир багыт бойлоп кызматташтык кылып, адамзат үстүндө саясат жүргүзүү менен алардын хидаятына себеп боло алышы мүмкүнбү?
Эгерде жогорудагы проблемалардын бирөө жарымы үчүн мүмкүн деген чечим табылган болсо, анда Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ кафирлердин “бир күн сен өз диниӊ менен баарыбызды башкар, бир күн биз башкаралы” деген сунуштарын кабыл алып, мусулмандарды кыйноо жана кыргындардан куткарып калат болчу. Билал р.а. мынчалык кордолуп, Ясирдин ата-энеси жырткычтык менен өлтүрүлбөйт эле. Абу Мутталиб өз уруусу менен Пайгамбарыбыз САВды коргоо үчүн Пайгамбарыбыз САВ жана дагы бир нече мусулмандар менен биргеликте үч жыл бою ач жана жылаӊач камалда калып кыйналышпайт эле!
Биз “Ахли сунна вал жамаа”данбыз же Ханафий мазхабынанбыз деп жар салып жатып, сүннөткө ылайык – үстүбүздө куфр башкарып жатканын эсепке алган абалда – Пайгамбарыбыз САВ жана сахабалары Меккедеги куфр башкаруусу астындагы 13 жылдык жашоосунда кылган иштерден өрнөк алууга мажбурбуз. Алардын тарыйкатын бойлоп барышыбыз менен биздин да башыбызга аларга келген балээлерге окшош сыноолор келиши анык. Бул балээлерден бизди жалганчылык, фасыктык, залимдик, жахилдик, мунафыктык сыяктуу илдеттер гана куткарып калышы мүмкүн. Мындан Аллахтын Өзү сактасын.
Жогорудагы муфтий жана ага окшогон башка мусулмандарга “ыйманыӊарды арзыбаган дүйнө маталарына алмаштырбагыла” деп айтышыбыз важиб. Пайгамбарыбыз САВ “мункарды көрсөӊөр колуӊар менен токтоткула, буга кудуреттүү болбосоӊор тилиӊер менен токтоткула, ага да кудуреттүү болбосоӊор дилиӊер менен кайтаргыла, бул ыймандын эӊ алсызы” деген. Ошондуктан, жогорудагы сыяктуу кыянаттар жүз берип жатканда т.а. куфр тарабынан сыйлык тапшырылып жатканда жана муну сыймык деп кабыл алышыбызды каалап жатышканда ар бир момун мусулман өз мүмкүнчүлүгүндөгү мамилесин билдириши важиб. Эгерде мүмкүнчүлүгү алсыз болсо же коркуу үстөм келип калса, ыйманын сактап калуу үчүн жок эле дегенде мункарды жаман көрүп туруу важиб.
Фитна заманы келди. Т.а. исламды колунда чокту кармап тургандай кармап келе жаткандарга каршылыктар өтө күчөп барууда. Негизгиси бул күрөштө мусулмандарды куфр менен биригүүгө (фитнага) үгүттөө күчөтүлдү. Пайгамбарыбыз САВ ушул фитна күндөрү келишин башарат кылып, “үйлөрүӊөрдө, ал тургай, дарактардын тамыры менен күн көрүп болсо да фитнадан сактангыла” деген.