Араб мамлекеттери лигасы регион коопсуздугуна коркунуч пайда болгон абалда ыкчам аракетке келе турган жана куралдуу (жихадий) топторго каршы күрөшө турган “Ортоктош араб күчтөрүн” түзүү чечимин кабыл алды. Жыйынга катышкан булактардан алынган маалыматка ылайык, Араб мамлекеттери лигасынын тышкы иштер министрлери кеңеши Мисирде уюштурулган жыйында бул токтом долбоорун тастыктаган.
Араб мамлекеттери лигасынын жетекчиси Набил Арабий Лигага мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңеши Мисирдин Шармуш-Шейх шаарында уюштурган жыйындан кийин бул тууралуу журналисттерге билдирүү берди. Набил Арабийдин билдиришинче, Араб мамлекеттери лигасынын тышкы иштер министрлер кеңеши улуттук коопсуздук камсыздалышын көздөгөн токтом долбоорун тастыктаган. Арабий 2014-жылдын сентябрь айынан бери бул долбоор үстүнүн иш жүрүп жаткандыгын да айтып өттү.
Мисирдин тышкы иштер министри Самих Шукрий да араб мамлекеттеринин 26-жыйыны Араб үммөтү болуп көрбөгөндөй коркунуч жана зомбулуктарга дуушар болуп жаткан бир мезгилде өтүп жатканын айтып: “Араб мамлекеттери буга каршы туруктуу күрөш алып баруу жана жоопкерчиликти мойнуна алуу күчүнө ээ”, – деди.
Шукрий Араб өлкөлөрү жана Араб мамлекеттери лигасы натыйжалуу саясат жолун издешине каратылган жана сөздөн ишке өтүүгө каратылган милдетти чагылдыруучу билдирүү чыгарылгандыгын да кошумча кылды.