Худжандда да хижабга тыюу салынды

277
0

  Тажикстандын Согди областына караштуу Худжанд шаарынын мэри Ражаббой Ахмадзода 28-март күнү шаардын расмий өкүлдөрү, бөлүм башчылары жана ИИМ кызматкерлери катышуусунда болуп өткөн жыйында күч түзүмүнүн кызматкерлерине, кварталдар, жаштар, аялдар маселелери боюнча иш алып баруу бөлүмдөрүнө о.э. дин иштери боюнча башкармалыктын кызматкерлерине согдиликтердин ар түрдүү радикалдык жана эстремисттик партия, кыймылдарга кошулуп кетишинин алдын алуу о.э. аялдардын улуттук маданиятка таандык болбогон хижаб кийүүсүнө жол бербестик милдеттерин жүктөдү.

 Мындан тышкары, шаар тургундары менен бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө көрсөтмө берген шаар мэри кийим сатуучу дүкөндөрдө иранча жана афганча кийимдер сатылышынын алдын алуу үчүн атайын рейддерди өткөрүү зарыл экендигин баса белгиледи.

 Дин иштери башкармалыгына жана ички иштер бөлүмүнүн башчыларына “Ибадат ырасымдары Ханафий мазхабы негизинде өтөлүшүн” камсыздоо үчүн бардык Жума окулуучу мечиттерде туруктуу көзөмөл орнотууну тапшырды.

 Худжанд шаарынын мэри о.э. улуттук каада-салттарга ылайык туура кийинүүнү калыптандыруу үчүн аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жолго коюуга о.э. жогоруда айтылган маселелерди ачыктоодо ЖМКлардын, айрыкча телевидениенин ролу маанилүү экендигине көӊүлдү бурду.

 Туркистон:

Эмомали Рахмон башчылыгындагы Тажикстан өкмөтү аялдардын хижаб кийишине, эркектердин сакал коюшуна жана 18 жашка чыга элек жигиттердин мечиттерге барышына тоскоолдук кылган сайын коомдун ичинде хижабдуу аялдардын саны күндөн-күнгө көбөйүп бара жатат, Жума күндөрү болсо мечиттер адамдарга, ошону менен бирге өспүрүм жаштарга толуп кетүүдө.

  Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан тынымсыз күрөшүнө карабастан, коомдун ичинде исламий көрүнүштөр жана исламий баалуулуктар кеңири жайылып барышы, азиздикти Аллахтын алдынан эмес, тескерисинче пендесинин алдынан издеп жаткан президент жана анын куйруктарын ого бетер катуураак чараларды көрүүгө, дагы да жырткычка айланууга алып барууда.

  Борбор шаар Душанбеде жана мындан тышкары, Согди областы сыяктуу мамлекеттин түндүк региондорунда хижаб кийүүгө болгон умтулуу даана көрүнө баштады. Бул аймактарда хижаб менен жүрүүнү абзел көргөн аялдардын саны мурункуга караганда бир топ жогору. Башка аймактарда да жоолук менен жүргөндөр көпчүлүктү түзүп барууда.

 Тажик өкмөтүнө караштуу аялдар комитети тарабынан өткөрүлгөн изилдөөгө ылайык, хижаб кийген аялдардын көпчүлүгү хижабга диний милдет т.а. шаръий өкүм жана коргоо каражаты катары карай тургандыгы белгилүү болду.

 Ошондуктан да, бир ууч бузук аялдар тарабынан киргизилген 8-март майрамына байланыштуу өткөрүлгөн жыйында Тажикстан тогуту Эмомали Рахмон кара кийим жана хижаб кийүү улуттук маданиятка жат экендигин айтып, андай кийинген аялдарды сындаган эле. Аллахка күнөөкөр болууда президентинен аркада калууну каалабаган шаар жана областтардын акимдери да бул жолдо бири-биринен калышпастыкка атаандашып кетишти. Бул жолдо убактылуу ээлеп турган мансапка жана кол астында моюн сунуп турган күч түзүмдөрүнүн кубатына таянып, Аллахтын ыраазылыгы жана Анын каалоосун эсепке албай коюшту.

 Аллах Таала айтат:

يُرِيدُونَ لِيُطْفِئُوا نُورَ الله بِأَفْوَاهِهِمْ وَاللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ”. الصف

“Алар Аллахтын нурун ооздору (т.а. бейпайда сөздөрү) менен өчүрмөкчүболушат. Аллах болсо, мейли кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толук үтдүйнөгө) жаюучу”. (61:8)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here