Укук коргоочудан экстремисттик адабияттар табылды

281
0

 Кыргызстан республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин “Вечерний Бишкек” маалымат агенттигине кабар беришинче, АКШ жараны кармалган жана ал берген көрсөтмөлөр негизинде “Бир дүйнө Кыргызстан” бейөкмөт уюмунун офисинде тинтүү жүргүзүлгөн.

 Кабар берилишинче, 25-март күнү АКШ жараны Умар Фаррук Ош шаарында милиция тарабынан документтерин текшерүү үчүн токтотулгандан кийин камакка алынган. Аны текшерүү учурунда жанынан Хизб ут-Тахрирдин жакында кармалган жетекчисине жана башка террористтик топтордун мүчөлөрүнө каршы козголгон кылмыш иштеринин көчүрмөлөрү, диний-экстремисттик жана террористтик мазмундагы DVD дисктер табылган. Укук коргоо органдары тарабынан аныкталышынча, Умар Фаррук тийиштүү акредитациясы болбой туруп Ош областынын аймагында диний кыдаал туурасында маалымат чогултуп жүргөн.

Диний экспертизанын тыянагына ылайык, УКМКнын Ош шаардык жана Ош областтык бөлүмү тарабынан АКШ жаранына карата Кыргызстан кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө маалында Умар Фаррук жанынан табылган кылмыш ишинин көчүрмөлөрүн “Бир дүйнө Кыргызстан” бейөкмөт уюмунун юристи Валерьян Вахитовдон алгандыгын айткан. О.э. анын жанынан ушул уюмдун менеджери Хусанбай Салиевге тиешелүү визиттик карточка да табылганы кабарланууда.

 Ошол себептен да Ош шаардык соту 27-март күнү аталган уюмдун кеӊсесинде жана эки кызматкердин үйүндө тинтүү жүргүзүү туурасында санкция берген эле. Кабар берилишинче, тинтүү учурунда алардын биринин үйүнөн жана кеӊседен диний мазмундагы брошюралар, баракча, флеш карта жана DVD дисктер табылган.

 Ошону менен бирге 48 саатка камакка алынган АКШ жараны Умар Фаррук 29-март күнү өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу ага карата кылмыш иши козголбогондугун жана “үйүнө кайтып бара жатканын” кабарлаган.

 Айрым кабарларга ылайык, Умар Фаррук Ош шааардык сотунун өкүмү негизинде мамлекеттен чыгарып жиберилген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here