А.Атамбаев: Европа Союзу менен Россия жетекчилеринин Украина жана Молдова жаатындагы көз караштарын жакындатууга жетиштиби?

263
0

26-март күнү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Бельгия королдугуна келди жана ошол эле күнү Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Союзу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда президент Алмазбек Атамбаев менен Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.

 “Ушул жолугушуудан кийин Европа союзу менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүк мындан да маанилүү болооруна ишенем, ошондой эле, урматтуу президент, Европа парламенти Сизге дайыма колдоо көрсөтөт деп мен Сизге ишенимдүү айта алам. Жылдын экинчи жарымында мен Кыргызстанга барганы жатам, ошондо дискуссияны улантабыз деп ишенем”, – деди Мартин Шульц.

Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушуудан кийин Украина жана Молдовага байланыштуу Европа союзунун аталган лидерлери менен Россиянын позицияларын кайсы бир деңгээлде жакындатууга мүмкүн болгонун белгиледи.

Туркистон:

Атамбаевдин Европа союзу мамлекеттерин бойлоп кылган турнесинен кимдердин кандай максат жана кызыкчылыктары көздөлгөн?

Атамбаев ар бир жаңы жолугушуусунда Россия менен Европа союзунун ортосундагы проблемаларды чечип, аларды бири-бири менен жакындатуу миссиясы менен келгендей көрүнүүгө аракет кылууда. Бул аркылуу ал эки тарап менен т.а. Россия жана Батыштын жетекчи мамлекеттери менен кызматташуу саясатынан баш тарта электигин баса белгилемекчи болууда.

Россиянын Европа союзуна көпүрө болуп берүү миссиясын аткаруу болсо, Атамбаев үчүн эмес. Ал бул миссияны өз мойнуна алгандай көрүнүү менен өзүнүн саясий деӊгээлин көтөрүп алмакчы болууда. Ал эми Атамбаевдин Евразия экономикалык биримдигине кирип бара жатып Европа союзунан инвестиция тартышы, бул Россия менен келишилген абалда гана болушу керек.

Бирок, Путин ага ушул көрсөтмөнү берген болсо, демек Россия Евразия экономикалык биримдигин азыр экономикалык жактан камсыздай албайт. Россиянын өзүнүн да өнөржайы иштен чыккан, жакынкы убакта жүрүп кетишинен үмүт жок деген тыянак чыгарууга болот.

Россия тышкы инвестицияны Кыргызстан аркылуу бүтүндөй Евразия экономикалык биримдигине тартмакчы болушу мүмкүн. Атамбаев Европадагы жолугушууларында,” Кыргызстандын  6 миллион калкы болгону менен 200 миллион керектөөчүсү бар” деген маанидеги сөздөрдү бир нече жолу кайталады. Путиндин уруксатысыз бул сыяктуу убадаларды Атамбаев расмий түрдө берип жибере албаса керек. Демек, Атамбаевдин Путин менен жолугушуусунда бул маселе карап чыгылган.

Путин Кыргызстандын Европа союзу тарапка караган бул аракетинен кабатыр эмеспи деген суроо пайда болот. Кыргызстан мамлекети азыр өзүнүн өлкөсү үчүн бирер ишти тышкы мамлекеттердин аралашуусусуз же колдоосусуз ишке ашырып жибере турган абалда эмес. Ал ал тургай миӊдеген келишимдерге кол коюп келиши мүмкүн. Бирок, аларды ишке ашыра турган жана тышкы инвесторлор үчүн кепил болуп туруп бере ала турган мамлекет дээрлик жокко эсе. Ошондуктан, Россия Кыргызстандан анчалык эле  тынсызданбайт. Болгону Атамбаевдин саясий каталарынан тынчсызданышы мүмкүн. Мисалы, Батыштын негизги куралдары болгон “мамлекеттик эмес уюмдар” үчүн кеңири жеӊилдиктерди жаратып берүүчү келишимдерге кол коюп жибериши мүмкүн. Бул болсо, Батыш мамлекеттеринин Кыргызстандын ички иштерине аралашуусу үчүн дагы да кененирээк жолдорду ачып берет.

Садака сыяктуу убада кылынып жаткан миллиондогон акчалар дал ошол максаттар кол коюулар менен тастыкталгандан кийин гана берилет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here