Түркмөн-афган чегарасында Өзбекстан чегарачылары жана Россиянын аскерий адистери пайда болду

261
0

“CA-NEWS” сайтынын “Хроника Туркменистана” ссайтына таянып кабар беришинче, Түркмөнстандын Афганистан менен болгон чегарасында Өзбекстандын чегара наряды жана Россиянын аскерий адистери пайда болгон, ал эми Түркмөн аскерий кызматкерлери болсо чегарага алып келинүүдө.

 Жакында Түркмөнстан жана Өзбекстан президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өткөнү, анда эки тарапты теӊ кызыктыра турган регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашылганы тууралуу кабар берилген эле.

 “Ушул эки мамлекетке түштүк кошуна тараптан ыктымалдуу коркунуч жана аны биргеликте чечүү маселеси назарда тутулган беле же жокпу, анысы бизге караӊгы. А бирок, чегарага туташ афган кыштагынын тургундары Түркмөн тарапта Өзбекстан чегара отряддарын көргөн”, – деп жазды басылма.

 Болжол менен бир ай мурда чегарада россиялык аскерий адистерди да көрүшкөн. “Хроника Туркменистана” сайтынын пикиринче, Түркмөнстан жетекчилиги чегараны кайтарууда жардам берүү суранычы менен Россияга кайрылган болушу мүмкүн.

 О.э. болжол менен 5-7-март күндөрү Түркмөн-афган чегарасына жакын жердеги Тахтабозор посёлкасына Түркмөнстан чыгышындагы Эсенгули посёлкасынан аскерлер алып келинген.

Туркистон:

Түпкүлүгүндө АКШ баштаган бул ИШИМ уюмунун атынан жүргүзүлүп  жаткан жасалма коркунучтар кээ бир абалдарда Россия, Кытай же Франция сыяктуу башка ири мамлекеттерге да аябай ылайык келип калышы мүмкүн

Жогоруда Россия исламий коркунучтан пайдаланып – Түркмөнстанды ЖККУ уюмуна тартуу үчүн – анын аскерий жактан бейтарап саясатын жокко чыгармакчы. Мындан башка дагы бир нече максаттары да бар. Жакында Кыргызстан жана Өзбекстандын өзүнө көз карандылыгын бекемдөө максатында, Баткен менен Афганистан чегараларында да кудум ушул сыяктуу коркунуч пайда кылат.  Аныгы ушул, Россия АКШ пайда кылган, түпкүлүгүндө өзү жок болгон ИШИМ коркунучунан өз максаттары жолунда пайдаланмакчы.

Буга окшогон ыкмалар мурда да көп жолу ишке ашырылган. Америка “Ал Каида” уюмунун дүйнө бойлоп коркунучунан падаланып келет.  О.э. Өзбекстан, Пакистан жана башка бир нече исламий өлкөлөрдү коркутууда Талибан жана Өзбекстан ислам кыймылы коркунучунан пайдаланып келет. Эми ушул жана башка өлкөлөрдө, жок жерден ИШИМ коркунучу пайда кылына баштады.

 АКШ бүт дүйнөнү коркутуу менен, Америка ушул илдеттерден коргоочу жана дүйнө үчүн маанилүү жана керектүү деген түшүнүктү өнүктүрмөкчү болот. Бул ыкманы куфрдун чоӊ мамлекеттери, айрыкча АКШ өтө кеӊири колдонуп келет. Мисалы, СССР кулашынан мурда аны коркунуч кылуу менен бүтүндөй Батыш дүйнөсүн өз колунда кармап келди. СССР кулашы менен Ирак, Иран, Израиль, Ливия сыяктуу бир нече мамлекеттердин режимдери жана “Ал Каида”, Афганистанда Талибан, Өзбекстан ислам кыймылы, Испанияда ЭТО кыймылы, Иракта ИШИМ жана башка ушул сыяктуу жасалма коркунучтардын ар бирин белгилүү бир кызыкчылыктар негизинде пайда кылды.

Кызыкчылыктарынын негизи, ар бир коркунучтуу режим башкарып жаткан мамлекет, жергиликтүү же алардын коркутууларына ылайык дүйнөлүк террористтик кыймылдар, АКШнын ошол өлкөдөгү саясий, экономикалык, сакафий жана аскерий аралашууларына шарт түзүп келет. Мисалы, Европа союзун өз таасири астында кармап туруу үчүн СССРдин идеологиялык коркунучу бүкөндөн кийин Иран мамлекетинин агрессивдүүлүгүн күчөтүп, анын ядролук куралга ээ болушу коркунучунан пайдаланды. Андан кийин Россияга экономикалык сокку берүү менен, Украина жана Крым проблемаларын пайда кылып, өзүнө көз каранды болгон НАТОнун региондогу позицияларын бекемдеп алды жана Европа союзунун өзүнө болгон муктаждыгын ого бетер күчөтүп барууда. Бул сыяктуу коркунучтуу күчтөр артынан АКШ дүйнө бойлоп дислокация кылып алган аскерий базаларын ошол өлкөлөрдө туруктуу кармап туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Балким, дагы жаңы базаларды ачуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратып алышы да мүмкүн.

Түркмөнстандагы Россия кылып аракеттер да, кудум жогорудагы ыкма негизинде жүрүп жатат. АКШ менен Россия кудум ушул ыкма негизинде иш кылуулары менен, Вьетнам, Украина, Сирия, Ливия, Афганистан, Ирак…. жана башка өлкөлөрдү кыйрандыга айландырып жиберишти.          Бирок, максаттарына дээрлик жетишип келе жатышат.

Орто Азия жана Казакстан мамлекеттери этият болушпаса, кезек ушул өлкөлөргө келди. Эми дүйнөлүк жетекчи куфр системасы биздин өлкөлөрүбүздө да чыныгы жүзүн ачып келе жатышат.

Биздин өкмөттөрүбүз болсо, алардын жасалма коркунучтарына ишенип, өлкөлөрүбүздөн алардын аскерий күчтөрүнө орун берип жатышат. Ошону менен бир катарда, өз жарандары арасында исламий тазалоо иштери деген аталышта мусулмандарга каршы өтө көп операцияларды жүргүзүшүүдө.

Бул эки тараптуу аракеттердин экөө теӊ куфр системасы күтүп турган максаттардын негизгиси болуп эсептелет.

Алар биздин мамлекеттерибизде ички саясатта жүзүгү чыгып бара жаткандай, өкмөт менен элдин ортосунда душмандыктар пайда болушуна кызыкдар. Муну менен алар каалаган кезде режимдерди алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Тышкы күчтөрдүн коркунучунан биздин өкмөттөрүбүздү ишендирүү менен болсо, өздөрүнүн аскерий аралашууларына кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылып алуу менен, ушул өлкөлөргө курал-жарактарды сатуу жана аскерий базаларын күчөтүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Биз эмнеге жетишебиз

Бийликтерибиз жарандар менен алакаларын оӊдоого аракет кылышпаса. Коомдо исламий туйгуларды исламий пикирлер менен шайкештирип жаткан бирден-бир исламий хизб болгон Хизбут-Тахрирге каршы аракеттерин кайрадан ойлонуп жана карап чыгышпаса, жакында Ислам чүмбөтү астында туура эмес күчтөр пайда боло башташат. Же улуттук негиздеги бир нече уюмдар чыгып, дагы кайрадан улутчулдук согушунун уруктарын себе башташат. Себеби, куфр системасы жүргүзүп жаткан жогорудагы саясий оюндарды, ал тургай ушул система ичинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан саясатчылар жана саясий эксперттер да толук жана туура түшүнө албай жатышат. Ислам уламалары болсо, ал тургай, түшүнбөгөн абалында туура эмес негиздерге ээрчип, диний жикчилдик, мазхабчылык жана ал тургай улуттук идеологияны көтөрүү сыяктуу бир нече каталар аркылуу башыбызга түшүп келе жаткан жаман илдеттерге жардам берип жатышат.

Ушундай кете берсек биз – эгерде куфр айла-амалдарынын алдын албасак – Ливия же Сирия сыяктуу саясий жана социалдык боштукка түшүп калышыбыз мүмкүн. Айрыкча, Өзбекстандын Каримов режими алып келип койгон абалы бүтүндөй Орто Азияны талкалап жибере алат. Каримов өзбек калкынын тарыхы жана улуттук менталитетине сиӊип кеткен исламий туйгуларды сындыра албады. Аларды убактылуу изоляциялоо менен, элдин ичине кирип жүрөктөрүнө бекем орношуп алышына шарт түзүп берди. Себеби, ар кандай зулум, ага каршы мазлум тараптардын моралдык жана рухий кубатын күчөтөт. Муну биз маркум боордошубуз, Мухаммад Садык Шайхты жайына узатуу ырасымында көрдүк.

Биз исламий өлкө режимдерин жана аларга таасир көрсөтө ала турган калк жана жарандарды, куфрдун бул ыпылас айла-амалдарына ишенбестикке чакырабыз. О.э. бул айла-амал тарапкерлери тарабынан Хизбут-Тахрирге каршы жүргүзүлүп жаткан маалыматтык чабуулдар туура эмес экендигин айтмакчыбыз. Биздин расмий маалыматтарыбыз аркылуу таркатылып жаткан “Хизб эч качан маддий т.а. куралдуу аракет алып барбайт” деген маалыматтарды эсепке албастан, өкмөттөр маалымат борборлору жардамында доомат жана жалаа негизиндеги жалган кабарларды таркатышууда.

Бул аркылуу алар Хизб менен элдин ортосун үзүүнү жана анын исламий саясий ишмердүүлүгүнө чек коюуну максат кылышкан. Ошондо куфр системасы тарабынан алынып келип жаткан ар кандай ыпылас жана саясий чалгытуучу пикирлер калк жана мусулмандар ичине жеӊил гана сиӊип кете берет. Ислам жана мусулмандар атынан өз кызыкчылыктарына ылайык, каалаган убакытта жана каалаган жерде террористтик операциялар уюштурулат. Ошол иштерде, кудум Каримов 16-февраль окуясында Хизбди айыптаганы сыяктуу Хизбди айыпташса, ишенбегиле. Хизбут-Тахрир өз ишмердүүлүгүндөгү программасын эч качан сыр сактаган эмес. Ал тургай, Хизб мүчөлөрү ондогон жылдар камактарда отуруп да, өз тарыйкатынан четтеген эмес. Эгерде курал менен иш алып барууну жайиз деп билгенде, муну ал жашыруун алып барбайт эле. Себеби, Хизб жигиттеринин эр жүрөктүүлүгүнөн жана кайратынан, ушул күнгө чейин эч ким шектенген эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here