АКШ орто Азиядагы стартегиясын жаӊылап жатат

312
0

АКШ өкмөтү Орто Азияга тиешелүү стартегиясын жаңыдан карап чыгышы жана жакынкы күндөрдө бул тууралуу коомчулукка жарыя кылынышы айтылууда.

Орто Азия региону боюнча адистердин билдиришинче, 2001-жылдан бүгүнкү күнгө чейин АКШнын Орто Азияда жүргүзүп келе жаткан саясаты Афганистандагы согушка байланыштуу абалда жүргүзүлгөн. Эми жаңы стартегия ишке салынышы айтылууда.

АКШ тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы кыскача билдирүү чыгарып, жаңы доордо региондогу коопсуздук стартегиясында өзгөрүш жүз бербестигин ачыктады. Билдирүүгө ылайык, буга кошумча түрдө регион экономикасын дүйнөлүк базарларга алып чыгуу, адам укуктарын коргоо жана демократиялык башкарууну өнүктүрүү сыяктуу маселелерде Орто Азия өкмөттөрү менен кызматташуу улантылат.

АКШ жаңы доордо, айрыкча региондун тарыхий багытын белгилеген “Жибек жолу” долбоорун күчөтүүнү көтөрүп чыгууда. Анын билдиришинче, бул долбоор Орто Азиянын коопсуздугуна өз салымын кошот. Бул аркылуу Орто Азия мамлекеттери дүйнөлүк базардагы эски ордун кайрадан ээлеши мүмкүн.

Эксперттердин пикиринче, АКШнын Орто Азиядагы стартегиясын жаңыдан белгилешинде, Россиянын Украина бүтүндүгүнө карата аракеттери жана мурдагы Советтер Союзуна караштуу жерлердеги иш-аракеттери активдүү таасирге ээ болот.

Туркистон:

Россия Түркмөнстан жана Баткен областтарындагы жасалма коркунучтардын артынан региондогу аскерий колониясын күчөтүп алмакчы болуп жаткандыгынан АКШ тынчсызданып жаткан окшойт. Демек, АКШ дагы бир жолу Россияга каршы Кытай менен жүргүзө турган “Жибек жолу” долбоорун көтөрүп чыкмакчы. Россия азыр Украина окуяларынан улам алсырай баштады. Ал негизинен өзүнүн колонияларын аскерий тараптан кармап калмакчы болот. Себеби, саясий, экономикалык жана сакафий тараптан ал дүйнөдө өз салмагын өтө тездик менен жоготуп барууда.

Эми АКШ башчылыгында көтөрүлүп жаткан ИШИМ коркунучу бир аз төмөндөтүлөт. Себеби, Россия да бул коркунучтан пайдаланып, региондогу аскерий күчтөрүн бекемдей баштады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here