Британия жаңыдан куралдануу планын түзүп жатат

251
0

Россиянын Крымды басып алышы жана Балтика боюндагы мамлекеттерге карата туудуруп жаткан коркунучтары о.э. Украина чыгышында жүз берген кризистер Британиянын дагы да көбүрөөк куралдануу планын түзүшүнө түрткү болууда.

Британия парламентинин коргоо комитети мамлекетти коргоо планы канааттандырарлык эместигин билдирип, дүйнөлүк коркунучтарга, айрыкча Россиядан келе турган коркунучтарга каршы долбоорлорду жаңыдан карап чыгуу зарыл экендигин баса белгиледи.

Коргоо комитети тарабынан даярдалган отчётко ылайык, Британия коркунучтар каршысында коопсуз болушу үчүн анын коргоо саясаты бир нече жерлерде туруктуулукту камсыздашы керек. Айрыкча, отчётто Бириккен Королдук салттуу жана салтсыз коркунучтарга каршы тура ала турган абалда болушу керектигине өзгөчө басым жасалды.

Отчётто – Россия назарда тутулган абалда – Европа мамлекеттеринин чегаралары 20 жылдан бери алгачкы жолу аскерий жактан өнүккөн бир мамлекет тарабынан коркунучка дуушар болгондугу кабарланды. О.э. Британия коргоо комитетинин отчётунда Украинанын чыгышындагы кризистерден тышкары Жакынкы Чыгышта, Африка жана Түштүк Азияда да коопсуздук саясаты жагынан өзгөрүштөр болгондугу айтылды.

Комитет мүчөлөрүнөн турган депутаттар бул өзгөрүштөргө көз жумуп коё албастыгын жана Британияны изоляцияга тартпастыктарын айтышты. 2010-жылдан бери консервативдик либерал өкмөт коргонуу чыгымдарын 8 пайызга жакын азайтты жана аскерлер санын да кыскартты.

Россиянын Копенгагендеги элчиси Михаил Ваниндин Данияга каршы чабуул кылуу туурасындагы коркутуусу Даниядагы аскерий адистерди эле эмес, тескерисинче, Британияны да кабатыр кылып койду.

Россия элчиси Ванин Данияда чыгуучу “Jyllands Posten” газетасына берген интервьюсунда Россиянын НАТО тарабынан курулушу пландаштырылган ракетадан коргонуу системасына каршы мамилеси тууралуу эскертип, Дания бул коргоо планына катыша турган болсо Россиянын ядролук ракеталары Даниянын аскерий кемелерин бутага ала тургандыгын билдирген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here