Исаков: А.Атамбаевдин Европа мамлекеттерине сапары – болуп көрбөгөн турне

286
0

  Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун кабар беришинче, Алмазбек Атамбаевдин Францияга боло турган сапары Кыргызстан тарыхындагы биринчи сапар болот.

 Анын айтымында, президенттин Европага сапары 22-марттан башталат, биринчи Австрияга барып, андан кийин Францияда болуп кесиптеши менен жолугушат, Швейцарияда да президент жана тышкы иштер министри менен жолугушат. О.э. Брюсселде (Бельгия) Европа Союзунун өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылган, 1-апрель күнү Германия президенти жана канцлери менен болгон эки тараптуу жолугушуулардан кийин А. Атамбаевдин жумушчу сапары аяктайт.

“Бул биздин президенттин мурда болуп көрбөгөн турнеси. Бул өлкөдө болуп жаткан реформалардын, мамлекет тандап алган саясий жолдун Евробиримдик тарабынан колдоого алынып жаткандыгынын белгиси. Президент Евробиримдиктин локомотив өлкөлөрүнө барарын көрүп турасыздар, биз биринчи кезекте саясий диалог курууну каалайбыз. Анын алкагында Кыргызстандын саясатын, дүйнөлүк саясатты, ошондой эле Кыргызстанда боло турган парламенттик шайлоолорду талкулоону каалайбыз. Бул өңүттө Европа мамлекеттери бизди каржылык жактан да, техникалык жактан да абдан колдоп жатышат», – деди Исаков.

 Туркистон:

Атамбаев да кудум Назарбаев сыяктуу – Путин 10 күн кабарсыз жоголушунун артынан – Россияга болгон ишенимин жогото баштаган окшойт. Назарбаев Түркияда болуп өткөн түрк тилдүү элдер конференциясында “СССР жана Россия өлкөлөрүбүзгө бастырып кирген баскынчылар” деген эле. Саясий экспреттер Назарбаев сөзүндө Евразия экономикалык биримдигине тескери келе турган сунуш жана каалоолорду билдиргенин айтышууда.

 Россиянын саясий элитасы ортосунда бир нерсе болгонун баары сезип турат. Кечээги маалыматтарга ылайык, Россия согушту Кавказ тарапка сүрүп жибериши мүмкүн экендиги айтылууда. Дагы Орто Азиядагы аскерий кубатын да бир нече эсеге көбөйтүшү мүмкүн.

Бул Кремлде жашыруун мамлекеттик төӊкөрүш болгонун жана АКШ менен тил бириктирген күчтөрдүн колу үстөм келип, Путинди өз максаттары тарапка жүргүзө алгандыктарын түшүндүрөт болчу. Себеби, Россия Украинадагы расмий эмес согушта өз аскерлери менен тыгылып калды. Мындан тышкары, Россияны капиталисттердин ордуна олигархтар башкарып келет. Булар болсо, капиталисттен да кооптуураак катмар болуп эсептелишет.

 Капиталисттер мамлекетке өз капиталы аркылуу басым өткөрүү менен таасир көрсөтүшсө, олигархтар мамлекетти өз колдорунда кармап туруп, ошол мамлекеттин акчалары жана саясий күчтөрү менен мамлекетке таасир көрсөтүшөт. Кудум мына ушул Путиндин өзү пайда кылган олигархтары Европа жана АКШ тарабынан коюлуп жаткан экономикалык санкциялар менен саясий басымдар себептүү тартып жаткан зыяндарын көтөрө албай калышты. Эксперттердин айтышынча, Кремлдеги проблеманын негизи ушул жерден келип чыккан. Украинадагы  согуштун аягы көрүнбөй жатканынан тышкары, максаттары да күӊүрт тартып барууда. Эгерде ушул божомолдор чын болсо, Россия согушту Украинадан Кавказга жана балким Орто Азияга да көчүрүүгө аракет кылат.

Кандай болгон күндө да Россия саясий элитасынын арасында жарака кетти. Муну ал тургай Атамбаев да сезип калган окшойт. Анын Путин менен жолугушуудан мурда Молдовага жашыруун барып келиши, эми болсо ачык эле бир нече ири мамлекеттерге турне уюштурушу, албетте бекеринен эмес.

Себеби, Кыргызстан май айында Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан кийин бул өлкөнүн бардык мамлекеттер менен алакалары начарлоосу күтүлөт.

 Демек, Атамбаев эл аралык саясатта Россия менен бир тараптуу кызматташуу саясаты кооптуу экендигин түшүнүп жеткен окшойт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here