Алмазбек Атамбаевдин Кишиневге барганы белгилүү болду

261
0

 “CA-NEWS” сайтынын кабар беришинче, Кыргызстан президенти Аламзбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуудан мурда Молдованын борбору Кишинёв шаарына барган. Төрт саатка созулган сапардын максаты ачыкталбады.

 ЖМКда таркаган кабарларга ылайык, Кыргызстандын жетекчиси Бишкектен Молдова борборуна 15-март, жекшемби күнү саат 12 лерде чартердик рейс менен учуп барган. Бул жерде Молдова Демократиялык партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Владимир Плахотнюк менен жолугушкан. Ошондон кийин Санкт-Петербургга сапар тарткан.

 Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков: “Азырынча кырдаалга комментарий бере турган учур эмес. Бирок, ал Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгында болгон иш. Мунун баары эл аралык аренада кыргыз мамлекетинин аброюн көтөрүүгө гана өбөлгө болот деп ишенем”, – деп билдирди.

 Туркистон:

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Санкт-Петербургга баруудан мурда Молдова борбору Кишиневге уюштурган расмий эмес сапары сырдуу бойдон калууда.

 Атабаев Молдова олигархы Владимир Плахотнюкка тиешелүү “Нобил эйр” компаниясынын “Эмбраер легаси 650” самолёту менен барганы жана Плахотнюк менен болгон 4 сааттык жолугушуудан кийин, башка расмийлер менен жолугушпастан кайтып кетиши жана Путин менен жолугушуусу көптөгөн суроолорду пайда кылууда.

 Атамбаев Молдовага кандай максатта барган болушу мүмкүн?

 Биринчиден; Молдовада 2014-жылы 30-ноябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо Европага ыктаган партиялар жеӊип чыгышып, парламентте өкүмдар коалиция түзүшкөн эле. Ошондон кийин шайлоого катышып, бирок жеӊилип калган россиячыл партиялар шайлоонун натыйжаларын таанышпаган жана кайрадан шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып чыгышкан. Бул партиялар Россия башчылыгында түзүлүшкөн жана 2015-жылдын биринчи январынан баштап ишке киришкен Евразия экономикалык биримдигине кошулуунун тарапкери болуп эсептелишет. Эгерде мына ушул тарабы эсепке алына турган болсо, Атамбаев Молдовага Путиндин тапшырмасы менен ортомчулук кылууга барган болушу мүмкүн. Кудум Назарбаев Украина маселесинде ортомчулук кылганы сыяктуу.

 Экинчиден; Айрым кабарларга ылайык, Молдова олигархы Плахотнюктун Кыргызстандагы тоо-кен тармагында жана кыргыз паспортун даярдап берүүдө кызыкчылыктары бар. Мындай сырдуу жолугушуулар мурунку президенттер Акаев жана Бакиев бийлигинде да көп жолу уюштурулган болуп, мунун артынан Кыргызстан өтө чоӊ өлчөмдө зыян тартканы белгилүү. Березовский, Бирштейн, Левитин жана башка олигархтардын Кыргызстанга уюштурган сырдуу сапарлары буга мисал боло алат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here