Негизи эр жигитке өзүнүн киндик кан тамган элине жаман атты болуп, жаман сөз укканы аянычтуу эле. Мурдагы күнү КР Өкмөтүнүн биринчи вицеси Тайырбек Сарпашев Токтогулга барып, эл менен жолугушууда Атамбаев бийлигинин “жетишкендиктерин” айтып мактана койгон экен, жергиликтүү эл аны уккусу келбей, кагып-силкип койгонун эшиттик. Болгондо да аябай осол мамиле кылышты дейт. Элдин арасында отурган аксакалдардын бирөө туруп: “Эй, сен өкмөтүңдү койчу, эмне кылып жыргаттың Оторбаев экөөң? Жада калса мобу турган Токтогулдун суусун да сатып бүттүңөр. Силердин айыңардан свет кымбаттап жатат. Эмнени айтып мактанганы келдиң? Деги сен Токтогул элине эмне кылып кыйраттың?” деп дагы бир топ ачуу сөздөрдү айткан экен, отурган эл дуу эте кол чаап, каткырып күлүштү дейт. Эмнеси болсо да “позор” болду Сарпашев.
“Искра”
Туркистон:
“Маалымат» порталы таркаткан жогорудагы макала Сарпашевдин, ал тургай, өзүнүн жеринде да кадыры жок экенин көрсөтүп турат. Бүтүндөй Кыргызстан калкынын алдындагы кадыр-баркын айтпасак да белгилүү.
Сарпашев 2015-жыл, 2-февраль күнү Ош шаарында уюштурулган мамлекеттик аппараттын коллегиясында сүйлөгөн сөзүндө Кара-Суу жана Араван райондорун Украинанын Луганск жана Донецк шаарларына окшотуп, бардык мамлекеттик кызматкерлерди сергектикке чакырган эле. Мунун артынан милиция кызматкерлери Рашод кары Камаловду камоо менен башталган Ислам жана мусулмандарга каршы көлөмдүү операцияларын баштап жиберди.
Демек, бул адам мамлекеттик элитадагы Исламга каршы агымдан экендиги белгилүү болду. О.э. анын конференциядагы сөзүнөн ошол топ президенттин макулдугун алгандыгы жана ошол топтун атынан милиция жетекчилигине күрөштү баштоого сигнал берүү болгондугу белгилүү болду.
Илгери кудум ушул мансапты ээлеп турган Адахан Мадумаров 2008-жылы 1-октябрда Рамазан айт майрамы өткөрүлүшүнө каршы милициянын колу менен 32 кишини камакка алган эле. Сот аларды камак жазасына тартууда негизинен “Аллаху акбар” деп кыйкыргандарын шылтоо кылган. Бул тууралуу Атамбаев, “адамды Аллаху Акбар дегени үчүн да камайбы, мен да Аллаху Акбар деп айтамын” деген эле.
Эми болсо, президенттин партиясы болгон СДПК га мүчө Сарпашев өзү баш болуп, президенттин ыраазылыгын алып, жогорудагы “исламафобиялык” аракеттерди жүргүзүп жиберди. Шайлоо жакындаган сайын бул саясатчылар намаз окуган адамдарга айланып алышат. Бирок, алардын кээ бирлеринин дилдери Ислам жана мусулмандарга болгон душмандыкка толуп кеткен экен.
Сарпашевдин Луганск жөнүндөгү сөздөрүн кийин башка маанилерге буруп жиберишти. Себеби, ал күткөн натыйжа чыкпады. Бул Исламга душмандыгы бар топ президентти “Кара-Суу жана Араван Исламий согушкерлердин колуна өтүп болгон, ал жерлерди тазалоо иштеринде албетте каршылык катары согушкер аракеттер жүз берет” деп ишендиришкен. Бирок, алар жүргүзгөн операциялары маалында бир да мыйзамсыз аракет жүз бербеди. Мусулмандар алардын провакацияларына алдырышпады. Демек, алар жалган маалыматтар менен президентти да, башка саясий топту о.э. жетекчи адамдарды да алдашкан.
Бирок, бул өтө шектүү адам болгон Сарпашев, Ички иштер министри Турганбаев жана Ош ИИБинин жетекчиси генерал Сүйүн Өмүрзаковдор баш болгон жетекчи топ өкүлдөрүнүн бири да жазаланбай жаткандыгы өтө шектүү. Демек, бул нерсе президент булардын кризиске учураган болжолдуу операцияларына ыраазы экендигине же президент аларга таасир өткөрүү кубатынан ажырап, аларга көз каранды болуп, алсыз абалда калгандыгына ишара кылат.