Кыргызстандын Ош шаарында 3 айлык баласы менен аял киши камакка алынды

319
0

vof.kg,,  www.advocacy.kg/,    turmush.kg/ru/news:118872,     diesel.elcat.kg жана дагы башка бир катар маалымат каражаттарынын кабар беришинче, Кыргызстандын Ош шаарында 2015-жыл, 11-март күнү эки жаш баланын энеси 22 жаштагы Бурулай Рахманжан кызы камакка алынган. Ал азыр колундагы 3 айлык баласы менен Ош шаарындагы убактылуу кармоочу камакта жатат.

 2013-жылдын жай мезгилинде милиция кызматкерлери тарабынан Бурулайдын үйүндө тинтүү өткөрүлгөн жана тинтүүнүн натыйжасында 13 китеп жана 23 диск табылышы шылтоосу менен анын иши сотко ашырылган. Соттук экспертизадагы жасалма эксперттер болсо бул китептердин арасында экстремисттик маанидеги пикирлер бар экен т.а. “Пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва салламдан кийин 4 Халифа болгон. Андан кийин Халифалык бүткөн” деген маанидеги пикирлер жазылган экен деп, ишти сотко өткөрүп беришкен. Китептердин көпчүлүгү Куран жана Хадиске негизделген болгон.

 Бурулайдын: “Бул китепти мен мечиттен алган элем, ичиндеги сөздөргө тыюу салынгандыгынан менин кабарым жок. Бул китептерди мен таркатмакчы эмесмин”, – деген сөздөрүнүн бири да эсепке алынбаган.

 Түпкүлүгүндө бул китептин ичинде келтирилген цитата муфтият кызматкерлерине тийиштүү болуп, алар бул пикирди учурда Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылып  жаткан Исламий жамааттарга каршы пикирий күрөш катары колдонуп келишет. Алар азыр да мечиттерде ушундай маанидеги пикирлерди өз кутбаларынын негизи кылып, адамдарга кеӊири таркатып жүрүшөт.

 Эмнеге бул даъватчылар экстремисттик пикирлерди таркатып жатышканы үчүн камакка алынышпайт?

Бурулай болсо ушундай пикир жазылган китепти үйүндө сактаганы үчүн сот тарабынан бир жылга шарттуу жаза мөөнөтү менен жазаланган. Ал тургай, азыркы сот тарабынан коюлган Кыргызстан кылмыш кодексинин 299-беренесине туура келиши үчүн, анын ушул китептерди таркатуу үчүн үйүндө кармап турганы да далилденген эмес. Кылмыш кодексинин 299-беренесинде жаран терроризмге тиешелүү нерселерди таркатканы же таркатуу максатында сактап турганы үчүн жазалансын деп айтылган.

 Себеби, алар өз конституциялары боюнча ар бир жаран ар кандай пикирди чагылдыруучу маалыматтарды ар кандай маалымат сактагычта, окуп үйрөнүү, же ушуга каршы аракеттенүү, же балдарынын тарбиясын туура калыптандыруу жана башка өзү пайдалануу укугуна ээ деп жазып коюлган. О.э. аны коргоо кепилдигин президентке берип, аны эл тарабынан шайлап алышкан. Бул укуктардан Кыргызстан жарандарынын алсыздары пайдалана албай жатышат. Алар бул маалыматтарды кайдан алууну да билишпейт.

 Мунун себеби, Кыргызстанда тыюу салынган китептер тизмесинин өзү жок. Эгерде бар болсо, мыйзамга ылайык бир айда жок эле дегенде бир жолу мамлекеттик телевидениелер аркылуу бул китептер тизмеси калкка жарыя кылынып турулушу керек эле. Болбосо, карындашыбыз Бурулай сыяктуу алсыз боордошторубуз кайсы китеп кандай экенин жана башка өздөрүнүн акы-укуктарын кайдан билишет?

Бурулайга ал тургай шарттуу жазадагы жарандын мойнундагы милдеттери да түшүндүрүлгөн эмес. Ал аял кош бойлуу абалында колундагы жаш баласы менен кайсы жерге барышын билбестен бир нече участкалык инспекторлор жана башка мекемелерде жүргөн. Ал ушул жана башка кыйынчылыктар себептүү өз убагында каттоодон өтө албагандыгын айткан. Бирок, адамгерчилиги калбаган жана ээлеп турган кызматтары себептүү убактылуу мүмкүнчүлүккө ээ болуп турган күч түзүмүнүн кызматкерлери аны камакка алууга батынышты.

 Ооба, батынышты! Себеби ал аял – муслима! Демек, учурда бардык күчтөр шайлоодо да, башка саясий иштерде да эсептешүүгө мажбур болуп турган Исламий чөйрөнү бузушту! Мусулмандардын туйгуларына түкүрүштү. Себеби, аялдар маселеси Исламда намыс болуп эсептелет. Аларга болгон чабуул кылуу да кудум ушундай т.а. кудум авратыбызга чабуул кылуу сыяктуу каралат. Биз ал карындашыбызды ал тургай тааныбайбыз. Бирок, мунун кандай мааниси бар! Өкмөт эже-карындаштарыбызга чабуул кыла баштады! Бир туугандарыбызды алып кирип кетишин күтүп отурушубуз туура эмес. Ар бирибиздин кандай кызматта болсок да, ал тургай президент да, мүмүнчүлүгүбүз чегинде бул ишке каршы колубуздан келишинче каршылык көрсөтүшүбүз важиб.

 Болбосо, акыретте бул сыяктуу паскечтиктерге сүкүт сактоо менен ыраазы болгондор сабында т.а. эӊ эле жок дегенде алсыз жахилдер сабында же даюс, залим, мунафык жана кафирлер сабында тирилип калышыбыз мүмкүн, мындан Аллах сактасын.

 Бул сыяктуу жийиркеничтүү иштерди ишке ашырууга буйрук берип жаткан же аткарып жаткан мусулмандарга айтаарыбыз, силер аялдарды жана эже-карындаштарыӊарды кордоо менен балдарыӊарды багып жатасыӊар. Ырыскы Аллахтан экенине ыйман келтиргенибизди эсепке алганыбызда, бул иштер ал Затка каршы баруу деп этибар кылынат. Силер дароо тообо кылгыла же Аллахтын азабын күтүп жашай бергиле! Аллахтын азабы өтө катуу! Жакшысы тообо кылгыла.

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

16.03.2015

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here