5-март күнү Италиянын премьер-министри Маттео Ренци менен жолугушкандан кийин коомчулуктун этибарынан кайып болгон Россия президенти Владимир Путин 16-март күнү Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен Санкт-Петербургдагы жолугушууда алгачкы жолу көрүндү.
Россия президентинин кайып болушу жана кайда экендиги туурасында анык маалымат берилбегени ал жөнүндө ар түрдүү имиштердин күчөшүнө себеп болду. 11-мартта “Reuters” маалымат агенттиги Путин ооруп калгандыгы себептүү 12-13-март күндөрү Казакстанга барышы керек болгон сапарын бекер кылганы жөнүндө кабар таркаткан болсо, социалдык тармактарда Россияда мамлекеттик төӊкөрүш ишке ашырылганы, бийлик аскерий хунта колуна өткөндүгү о.э. Путин күч түзүмдөрү тарабынан туткунга алынганы жана ал тугай өлтүрүлгөнү туурасындагы кабарлар тынымсыз пайда боло баштады.
Ошол себептен да, Путин менен Атамбаевдин жолугушуусу дүйнөлүк мааниге ээ болбосо да, дээрлик бүт дүйнө 16-март күнү болуп өтө турган алардын жолугушуусуна көӊүл бурду. Жолугушуу маалында Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев “Путин мыкты формада, ал жөн гана басып жүрбөстөн, өзү мени машина менен кыдыртты”, – деп күбөлүк берген болсо, өзүнүн саламаттыгы туурасындагы суроого токтолгон Путин: “Имиштерсиз жашоо кызыксыз болот эле”, – деп жооп берген.
Туркистон:
Путиндин режими жана жалпы Россия саясий элитасы ичинде олуттуу кескиндик пайда боло баштаган окшойт. Белгилүү саясий эксперт Гейдар Жамалдыл бир нече видео кайрылууларда айтышынча, Кремлде тазалоо иштери күчөтүлгөн. Анын айтымында, коррупцияда айыпталып камакка алынып жаткандардын дээрлик бардыгы Путинге жакын болгон мамлекеттик кызматкерлер имиш. Бул иштерди ал “мамлекеттик төӊкөрүш” деп атады. Себеби болсо, Батышка катуу байланып калган мамлекеттик жетекчилер Батыштын санкциялары себептүү жоготуп жаткан жана дагы жоготушу мүмкүн болгон кызыкчылыктардан кече албагандыктарынан имиш. Бул саясий элитага Батыш алар кечип жибере албай турган пайдалуу чараларды сунуш кылышкан. Бирок, алардын сунуштары Путин жүргүзүп жаткан саясатка тескери экендиги анык.
Путиндин акыркы жолу маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө да ушул Батыштан таасирленип жаткан саясатчылардан нааразы экендиги сезилип турду. Гейдар Жамалдын айтымында, мындай абалда президент өлтүрүп жиберилет, бирок, тирүү калтырылса, демек президент алар менен келишип алган болот. Путиндин сөздөрү эч нерсени түшүндүрбөйт, жакынкы күндөрдө аракеттеринде өзгөрүштөр болсо, жогорудагы Жамалдын сөздөрү тастыкталган болот. Бул өзгөрүштөр негизинен Украина жана Крым маселелеринде жүз бериши күтүлөт.
Путин Евразия экономикалык биримдиги долбоорун жүргүзүшүнөн Россиянын саясий элитасы кызыкдар. Бирок, Россияда азыр коррупцияга каршы элдин жек көрүүсүн күчөтүү сезилүүдө. Эгерде Путиндин айланасындагы режимге тиешелүү адамдар кылган мыйзамсыз иштердин бети ачыла берсе, бул нерсе Путиндин аброю кетишине алып барышы анык. Ошондо аны бирер жол менен бийликтен кетирүү же өлтүрүү мүмкүн болот.