Курал-жарак сатып алуу боюнча Саудия биринчи орунда

290
0

Сауд Арабиясы 2014-жылы курал-жарак сатып алуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. АКШнын эл аралык кеӊеш компаниясынын (IHS) эл аралык коргоо соодасы боюнча чыгарган отчётуна ылайык, Саудия 2014-жылы курал-жарак сатып алуу үчүн 6,5 миллиард доллар жумшап Индияны артта калтырган. Индия акыркы кездерде дүйнөдө курал-жарак сатып алуу боюнча эң көп каражат жумшап келген мамлекет болчу. Бир миллиардга жакын жараны бар Индиянын курал-жарак тармагына көп каражат кетириши табигый көрүнүш болуп эсептелиши мүмкүн. Ал эми болгону 29 млн калкы бар Саудиянын курал-жарак сатып алууда дүйнөдө лидер болушу күтүүсүз жаӊылык болуп эсептелет.

Отчётто келишинче, курал-жарак сатып алуу үчүн эң көп каражат сарптаган он мамлекеттин бешөө Жакынкы Чыгышта жайгашкан. Жакынкы Чыгыш региону курал-жарак соодагерлери үчүн чоӊ базарга айланып, алдыдагы 10 жылдын ичинде бул базардын дагы да кеӊейиши болжолдонууда.

Эл аралык кеӊеш компаниясы берген маалыматка ылайык, 2015-жылы Саудиянын курал-жарак үчүн бөлгөн каражаты 52%га көбөйүп, 9,8 миллиард долларга жетиши күтүлүүдө. АКШ Жакынкы Чыгышка 2013-жылы экспорт кылган 6 миллиард доллардык курал-жаракты 2014-жылы 8,4 миллиард долларга жеткирди. Эл аралык кеӊеш компаниясынан алынган маалыматка ылайык, АКШ өткөн жылга караганда курал-жарак экспортун 19 %га көбөйтүү менен курал соодасында биринчи орунду, ал эми Россия болсо 9%га көбөйтүү менен экинчи орунду ээлеп турат.

Исламий өлкөлөрдөн Саудия, Бириккен Араб Амирлиги, Индонезия, Түркия, Пакистан мамлекеттери 2014-жылы эң көп курал-жарак сатып алган 10 мамлекеттин катарынан орун алышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here