Крымдын айланасында НАТО да, Россия да аскерий машыгуу өткөрүүдө

272
0

НАТО аскерий кемелери Кара деңизде аскерий машыгуу өткөрө баштады. Аскерий машыгууда АКШ, Түркия, Италия, Германия, Румыния жана Канада мамлекеттеринин аскерий кемелери катышууда. Машыгууда Россия аскерий кемелери да өз ордун ээлеген. Крым жарым аралына жакын жерде АКШ деңиз күчтөрүнүн командачысы адмирал Брэд Уильямсон башчылыгында жүрүп жаткан НАТО аскерий машыгуусунда Россиянын аскерий кемелери даана көрүнүп турат.

Ошол эле убакта НАТО деңиз күчтөрүнө командачылык кылып жаткан АКШлык адмирал Брэд Уильямсон аскерий машыгуу боюнча бардык эл аралык эрежелерге амал кылынып жаткандыгын билдирди. Адмиралдын айтымында, бардыгы өз планы боюнча аракеттенүүдө.

Адмирал: “Алар өздөрүнүн пландарын ишке ашырышат, биз өзүбүздүкүн ишке ашырабыз”, – деди.

Болгариянын “Варна” портундагы “Vicksburg” аскерий кемесинде туруп билдирүү берген адмирал Уильямсон өткөн жылы түзүлгөн план боюнча аскерий машыгуу өткөрүлүп жатканын билдирди. НАТО биримдигине мүчө мамлекеттер аскерий машыгууда суу астындагы коргонуу жана деңиз аба аракеттери машыгууларын да өткөрүшүүдө.

Россия Коргоо министрлигинен берилген билдирүүдө айтылышынча, Кара деңиз регионунда өтүп жаткан аскерий машыгууда эки миӊге жакын Россия аскери катышууда. 10-апрелге чейин улана турган манёврларда аба күчтөрүнүн коргоо мүмкүнчүлүктөрү да сыноодон өткөрүлөт. О.э. аскерий машыгууда Кавказ мамлекеттери, Армения, Грузия жана Россия тарабынан аннексия кылынган Крым аскерийлери катышууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here