Дүйнөнүн жыйырмадан ашык мамлекеттеринде, айрыкча, мурдагы Советтер союзунун колониясы болгон постсоветтик республикаларда ар түрдүү аталыш менен белгилене турган 8-март күнү Тажикстанда да “өтө чоӊ салтанат” менен тосуп алынды.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун демилгеси менен “Энелер күнү” деп аталган 8-мартта аялдарды “майрамы” менен куттуктаган президент тажик аялдардын жоолук оронушун жана кара түстөгү кийимдерди кийип жүрүшүн сындап өттү.
“Кара кийим – биз үчүн жат болгон маданият. Ал тургай, тажиктердин аза кийимдери да кара түстө болгон эмес”, – деди Эмомали Рахмон Душанбе шаарында болуп өткөн “салтанаттуу ырасымда”.
Эмомали Рахмон Уламалар кеңешине, кыз-келиндер, жаштар, диний жана улуттук үрп-адаттарды тартипке салуу комитеттерине, телевидение о.э. жетекчилерге буга окшош окуялардын алдын алуу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү милдетин жүктөдү.
Туркистон:
Кара кийим жана хижаб кийүү улуттук маданиятка жат көрүнүш экендигин белгилеп өткөн жана мындай кийинген аялдарды сындаган Эмомали Рахмон өзү баш болуп белгилеп жаткан 8-март “аялдардын эл аралык майрамы” бир миӊ үч жүз жылдан ашуун убакыттан бери Ислам динин карманып келе жаткан Тажикстан калкы үчүн бүтүндөй жат көрүнүш экендиги туурасында ойлонуп көрдү бекен? Өкүнүчтүүсү, бул тууралуу ойлоп да койбогон. Эгерде аз болсо да пикирлеп көргөндө хижаб жана жоолукту эмес, тескерисинче, бир ууч бузук аялдар тарабынан киргизилген 8-март күнүн бекер кылат болчу.
Борбор Азиядагы калган жетекчилер сыяктуу эле кудайсыз коммунисттердин тарбиясын алган Эмомали Рахмон да улуттук маданият жана каада-салттар дегенде орус баскынчылары тарабынан мажбурий тыгыштырылган о.э. “эгемендүүлүк” жылдарында өздөрү тарабынан киргизилген нерселерди гана түшүнүшөт. Ошол себептен да коомдон Исламга жат болгон көрүнүштөрдү эмес, тескерисинче Ислам баалуулуктарын сүрүп чыгарууга умтулуп келе жатышат.
Тажикстанда болсо акыркы 10 жылдын ичинде узак мөөнөткө эркинен ажыратылган 300дөн ашуун Хизбут-Тахрир мүчөлөрү жаза мөөнөттөрүн өтөп чыгышты. Бул убакыттын ичинде коопсуздук органдарынын колунда жана камактарда 10дон көбүрөөк Хизб жигиттери шейит болушту. Бүгүнкү күндө Тажикстан камактарында 300гө жакын эркек жана аял диний ишеними үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Мусулмандардын Исламга кайтышына жол бербестик үчүн Тажикстан өкмөтү тарабынан жаштардын мечитке баруусуна, сакал коюуга, үйлөрдө Исламды үйрөнүүгө тыюу салынууда. Жоолук орогондугу жана мечиттен тышкарыда намаз окугандыгы үчүн акчалай штраф салуудан 15 суткага чейинки камак жазасы белгиленген.