Мисир өкмөтү мечиттерди жабууга даярдык көрүүдө

286
0

Мисир өкмөтү 80 метр квадраттан кичине болгон мечиттерди жабууга жана мечиттин тышкарысында намаз окууга тыюу салууга даярдык көрүүдө. Кабарларда айтылышынча, Мисир мамлекеттик соту тарабынан чыгарылган өкүмдүн алкагында Мисир диний иштер министрлигинин “кичинекей намазканалардын жабылышы” туурасында 2013-жылы сентябрь айында чыгарган токтому ишке ашырылат.

Бул токтомдун артынан Мисир айылдарындагы бир нече мечиттердин тагдыры туурасында тынчсыздануулар пайда болду. Себеби, Мисирдеги 27 миӊдей мечиттер 80 метр квадраттан кичине экендиги айтылууда. Бул мечиттердин көпчүлүгү айылдарда жайгашкан. Кээ бир айылдардагы жападан-жалгыз мечиттин аянты 80 квадрат метрден кичине экендиги бул айылдын мечитсиз калышын түшүндүрөт.

“Al Monitor” маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, бул демилгеден Мисир калкынын радикалдашуусунун алдын алуу максаты көздөлгөндүгү айтылууда. Диний иштер министрлигинин токтомун сындаган “Нур” салафий партиясы бул токтом менен мисирликтерди экстремизмден коргоо мүмкүн эместигин, тескерисинче, намазканалардын жабылышы адамдарды экстремизмге жетелей тургандыгын айтып чыкты. Мисирдеги мечиттер жума намаздарында жамаат үчүн жетиштүү болбогондуктан адамдар көчөлөрдө намаз окууга мажбур болуп жаткан бир убакта кичинекей мечиттердин жабылышы абалды ого бетер оорлотушу мүмкүн.

Ал-Азхар университетинин профессорлорунун бири Ахмад Кериме айт жана жума намазы сыяктуу көпчүлүк адамдар катыша турган жамаат намаздары мечиттин ичинде окулушу керектигин жана намаз окугандар мечиттин айланасындагы көчөлөргө чыгып кетпеши керектигин айтты.

Кериме мечитке жакын жерлерде ибадат кылууга уруксат берилген үйлөр, ишкана же фабрикалар сыяктуу жерлерде ибадат кылууга тыюу салынышы экстермисттик пикирлер жайылышынын алдын ала тургандыгын айтты. Кериминин айтымында, мечиттерде имамдык кылуу үчүн Мисир дин иштери министрлигине кайрылган имамдардын, Курани Карим окушун текшерүүдөн өткөрүп, аларга имамдык уруксатын берүү кырсыктан башка нерсе эмес. Кереми алардын жалпы маданияты да текшерип көрүлүшү керектигин баса белгиледи. А бирок, ал “жалпы маданият” дегенде эмнени көздөгөндүгүн ачык айтпады.

О.э. Кереми мечитке жакын болгон намаз окулуучу жерлердин жабылышы жетиштүү эместигине, тескерисинче, мечит имамдарынын өздөрү да мамлекеттин колунда тарбияланышы жана мамлекеттик айлыкка иштеши керектигине басым жасады.

Туркистон:

Дүйнөлүк куфр системасы жана исламий өлкөлөрдүн аларга малай болгон бийликтери белгилүү бир исламий тайпаларга эмес, тескерисинче, бүтүндөй Ислам жана мусулмандарга каршы. Биз мусулмандар ушуну түшүнүп жетишибиз керек. Ошондо биз аларга шайлоо же башка жолдор менен бийликти берип койгонубуз ката болгондугун түшүнүп жетебиз. Биз ыраазылык менен аларды бийликке алып келдикпи, демек алардын Аллахка каршы батынып жаткан ар бир аракеттерине жоопкербиз. Себеби, Пайгамбарыбыз САВ “сүкүт сактоо ыраазылыктын белгиси” деген.

Терроризм жана экстремизмге каршы күрөштөрүнө мечиттердин кандай тиешеси бар. Хижабды, сакал, намаз жана башка исламий баалуулуктарды терроризмге кантип аралаштырууга болсун. Алар  бизди коркутуунун артынан ачык эле куфр тарапка өздөрү менен бирге жетелеп бара жатышат. Пайгамбарыбыз САВ “зулумду көрсөӊөр колуӊар менен кайтаргыла, колуӊардан келбесе тилиӊер менен кайтаргыла, буга да кудуреттүү болбосоӊор дилиӊер менен жаман көргүлө, бул ыймандын эӊ алсызы” деген. Чыныгы момун Ислам жана мусулмандарга ачык зулумдар болуп жатканда мүмкүнчүлүгү болуп туруп да четте карап турбайт. Болбосо, алардын бул сыяктуу иштерине, Аллах сактасын, шерик болуп калышыбыз мүмкүн. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here