АКШ Саудияны тынчтандырды

299
0

АКШ жана Иран ортосунда ядро маселеси боюнча жолугушуулар болуп өткөндөн кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Саудия өкмөтүн тынчтандыруу максатында Эр-Риядга сапар тартты.

Саудия өкмөтү региондогу эң улуу атаандашы болуп эсептелген Ирандын ядролук куралга ээ болуу ыктымалынан кабатырда экендигин жашырбай келет. Тегерандын Сирия жана Ямандагы таасиринен тынчсызданган Эр-Рияд ядролук сүйлөшүүлөрдөн кийин Ирандын дагы да көбүрөөк мүмкүнчүлүккө ээ болушунан жана региондогу таасиринин дагы да күчөшүнөн тынчсызданууда.

Ошол себептен улам, Саудияга сапар кылган АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Саудиянын тышкы иштер министри Сауд Файсал жана Саудия королу Салман бин Абдулазиз менен жолугушуп, аларды тынчтандырды. Керринин баса белгилешинче, ядро маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланышы Иран менен кеӊири маштабдуу саясий жана коопсуздукка таянган кызматташтыгын түшүндүрбөйт.

Саудияда кесиптеши Сауд Файсал менен маалымат жыйынын уюштурган Жон Керри: “Иран менен олуттуу келишим абалында эмеспиз. Ядро маселеси боюнча жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр Булуӊ мамлекеттеринин коопсуздук жаатындагы тынчсызданууларына жооп берет”, – деди.

Саудия тышкы иштер министри Сауд Файсал да Иран ядросу жаатында Жон Керри кепилдик бергендигин билдирди. Керринин кепилдик беришинче, Вашингтон ядролук келишим изинен жүрүп жатканда Ирандын региондогу позициясын кайдыгер калтырбайт.

Иран Араб мамлекеттеринин иштерине аралашуудан баш тартышы керектигин баса белгилеген Файсал: “Ирандын Яман, Сирия жана Ирак маслелесине аралашуусунан кабатырдабыз”, – деди.

Саудия 5+1 мамлекеттеринин Ирандын ядролук куралга ээ болушуна тоскоолдук кылуу жана аны көзөмөлдөө туурасындагы иш-аракеттерин колдоп-кубаттай тургандыгын билдирген Файсал: “Иран кошуналары менен душмандыгы күчөй элегинде элинин арасындагы соо-саламат акыл эээлерине кулак салышы жана Араб мамлекеттеринин иштерине аралашуудан баш тартышы керек”, – деп кошумчалады.

Туркистон:

АКШ дүйнөнү ушундай бир ыпылас жолдор менен башкарып келет дейсиӊ, ал бир регион үчүн атайылап бир нече проблемаларды пайда кылып, андан кийин өзү ошол проблемалуу мамлекет же режимди көзөмөлдө кармап, регион коргоочусуна айланат. Мисалы, Саддам Хусайн режими, Ал-Каида уюму, ИШИМ уюму Иран мамлекети ж.б.у.с….

Дүйнөлүк система тарабынан Саудия королдугундагы жана дагы бир катар Араб мамлекеттериндеги жогорку окуу жайларда суннийлерде шиъаларга каршы душмандык пайда кыла турган программа түзүп берилди. Ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан бул багыттагы билим берүү программасы АКШ үчүн мусулмандарды бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүү жана аларды бири-бирине каршы согушууга үндөө саясатына туура келе турган бузук чөйрө даярдап берүүдө.

Саудия королдугу өзүнүн эң ири соода өнөктөшү болгон Англиянын кеӊеши менен нефтинин баасын түшүрүү аркылуу АКШнын сланц нефтисин иштеп чыгаруучу өнөржайын кризиске дуушар кылып токтотуп койгон эле. Натыйжада, АКШнын сланц нефтиси менен камсыздоо аркылуу Европанын өзүнө болгон көз карандылыгын күчөтүп алышында проблемалар пайда болду. Ошондуктан, АКШ Саудияны Иран аркылуу коркутууга аракет кылат. Ал Иранды күчөтүү менен биротоло Европа биримдигин да коркутууга жетишет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here