Кытай акыркы беш жылдын ичинде коргонууга жумшаган чыгымдарын эки эсеге көбөйттү

278
0

  Бүткүл Кытай эл өкүлдөрү кеңеши 3-сессиясынын маалымат катчысы Фу Индин кабар беришинче, 2015-жылы Кытайда улуттук коргонууга чыгымдар 10 пайызга көбөйөт жана бул мамлекеттик бюджеттин өсүп жаткан кирешелерине ылайык келет.

 Фу Ин мамлекеттин конституциясына ылайык, Кытай улуттук коргонуу саясаты бүтүндөй коргонуу мүнөзүнө ээ экендигин баса белгиледи. Кытай сыяктуу ири мамлекет мамлекеттин жана улуттун коопсуздугун камсыздоо үчүн жетиштүү даражада аскерий күчкө ээ болушу керек, ошондо калк кадыржам турмуш өткөрөт жана жаратмандык иштери менен алектенет. Ал үчүн болсо армияны жана улуттук коргоо түзүмүн заманбап абалга келтирүү зарыл. Бул үчүн болсо, өз кезегинде финансылоо жетиштүү даражада болушу керек.

 Үстүбүздөгү жылы Кытайдын аскерий бюджети 145 млрд долларды түзөт.

Эскерте кетсек, Кытай элдик республикасы 2010-жылы коргоого 78 млрд доллар жумшаган. Ошентип, беш жылдын ичинде мамлекеттин бюджети эки эсеге өстү. Аскерий эксперттердин айтымында, Кытайдын чыныгы аскерий бюджети ачыкталгандан бир кыйла көптүк кылат. Мамлекетте аскерий суу асты кемелери жана көрүнбөс самолётторду куруу тармактары каржыланып келүүдө.

Кытай Эдик-азаттык армиясы дүйнөдөгү эң чоӊ армия болуп эсептелип, анын өздүк курамында 2,5 млн адам кызмат өтөйт. Кытай элдик республикасынын Куралдуу күчтөрү жети аскерий округ жана үч флотко бөлүнгөн.

Туркистон: 

Чыгыш Туркстан деген аталышта Ислам мамлекетинин бир бөлүгү болгон регион учурда Кытай баскынчылары тарабынан басып алынган. Кытай аны 1949-жылы басып алып, “Цинзянь” (жаӊы жер) деп атаган. Чыгыш Түркстан, Кытайга автономиялуу республика болуп бириктирилген. Калкынын саны 21 813 334 миллион болуп эсептелгени менен, түпкүлүгүндө болжол менен эки эсеге көптүк кылат. Мындай абал, Кытай мамлекети төрөөгө чек коюучу мыйзамдар кабыл алгандан кийин, расмий эмес түрдө көбөйүп кетишинен улам пайда болду.

Чыгыш Түркстанда, мусулмандарга карата зулум өтө күчтүү. Айрыкча акыркы кездерде бүтүндөй бир айылдардын мусулмандары массалык кыргындарга өкүм кылынууда. Кээ бир айsлдардын эркектери белгисиз тараптарга алып кетилген. Алар бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Аялдар авраттарын жапканы үчүн камакка алынышууда. Сакал койгон эркектер камалууда. Кээ бирлери болсо, соттун өкүмүсүз эле атылып кетүүдө.

Натыйжада миллиондогон уйгур боордошторубуз өз өлкөлөрүн таштап хижрат кылууга мажбур болушууда. Калган мүмкүнчүлүгү жоктор болсо, диндерин жашырууга мажбур болушса, кээ бирлери диндерин кудум колдорунда чок кармагандай кармап турушат. Аллах аларга жардам сабыр жана нусрат берсин.

Кытай мамлекети аскерий тармагын күчөтүү менен ички жана тышкы саясатында өзгөрүүлөрдү ишке ашырмакчы. Ал тышкы күчтөр тарабынан ичкериде жасалма пайда кылынып келе жаткан (исламий согушкерлер) коркунучтарын өзү атайылап көбүртүп жиберди. Ошол коркутуулар жана Кытайдын адамдык чегаралардан өтүп кеткен зулумдары натыйжасында пайда болгон бир нече уюштурулган операцияларды шылтоолоп, учурда Чыгыш Түркстанды биротоло басып алды.

Кытай эл аралык саясий майданда эл аралык таасир күчүнө ээ болгон колонизатор мамлекеттер менен жашыруун келишим түзгөн. Ага ылайык, Кытайга экономикалык жактан өнүгүшү үчүн өтө чоӊ мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу шарттары түзүп берилди. Натыйжада Кытай дүйнө бойлоп экономикалык иштерин өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал бүгүнкү күнгө келип сырьё кризисине дуушар болуп барууда. Бул болсо, аны экономикалык кризиске алып барат.

Кытайды бул абалдан кеӊейүү гана т.а. башка өлкөлөрдү колония кылуу иштери гана куткара алат. Ошондуктан, аны коркутуу үчүн АКШ тарабынан атайын пайда кылынып жаткан коркунучтуу абалдардан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып алмакчы болууда.

Бирок, бул негизги проблема эмес. Негизгиси, дүйнөлүк система сезиле турган көрүнүштө алсырап барууда. Системанын күчү аны эл жана мамлекеттер кабыл алышы о.э. коргошу менен аныкталат. Учурдагы эл аралык системанын болсо, негиздеринен жарака кете баштады. Ал тургай, демократиянын энеси деп бүт дүйнө тан алган Европа мамлекеттери да демократиянын негиздерин биринин артынан бирин бузууга мажбур болуп жатышат. Исламий өлкөлөр болсо аны этикадий жактан кабыл алышкан жок. Эми кабыл алышынан да үмүттөрү үзүлгөн.

Демек, дүйнө калкып турат. Дүйнөлүк система өзүнүн ордун ээлеши мүмкүн болгон башка системаны күтүп тургандай. Бул болсо, учурдагы системанын да, ага Кытай тарабынан берилген убадалардын да бекер болушун түшүндүрөт. Ошондуктан, Кытай куралданууга олуттуу көӊүл бура баштады. Эл аралык мыйзамдар жана укук нормалардын жок болушу кандай натыйжа жана окуялар алып келишин Кытай кайдан билсин. Ошондуктан, Кытай да өз максаттарын ишке ашыруу үчүн, бүгүнкү күндө бирер ишти аткарууда бардыгы үчүн бута же шылтоо болуп калган мусулмандарды курмандыкка чалып баштады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here