BNews.kz порталынын кабарчысы, “Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн кеӊейтилген жыйынында мамлекеттик кызматкерлерди үнөмдүүлүк боюнча үлгү болууга чакырды” деп кабар берүүдө
Назарбаев: “Мамлекеттик кызматкерлер, бардык мамлекеттик компаниялардын кызматкерлери жөнөкөйлүк жана үнөмдүүлүк жаатында үлгү болушу керек”, – деп айтты.
О.э. президент мамлекеттик мекемелерге чыгымдарды азайтуу жолдорун карап чыгууга буйрук кылды.
“Президенттик админстрациядан баштап район акимдери, бардык министрлер, улуттук компанияларга чейинки мамлекеттик башкаруунун бардык баскычтарында иштеген мекемелер кайсы тармактарга чыгымдарын азайтуу мүмкүн экендигин дагы бир жолу жакшылап карап чыгышын сураймын”, – деди Назарбаев.
Туркистон:
Дүйнөлүк базарда нефтинин арзандап кетиши Казакстанды кыйын абалга кептеп койду. Себеби, Казакстан экономикасы негизинен нефть соодасына байланыштуу болуп калган. Мындан тышкары, АКШ менен Европа мамлекеттери тарабынан Россияга каршы киргизилген санкциялар да Казакстан экономикасына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Ошол себептен да Нурсултан Назарбаев өкмөттүн кеӊейтилген жыйынында Россияга каршы колдонулган санкцияларды жырткычтык деп атады.
Мындан тышкары, өсүп жаткан тышкы карыз да Казакстан үчүн олуттуу коркунуч туудуруп жатат. Борбор Азияда эле эмес, постсоветтик республикалардын арасында тышкы карызы эӊ көп болгон Казакстандын тышкы карызы 155,5 миллиард долларга барабар. Бул болсо Казакстандын ИДПсынын 70 пайызын түзөт.
Ошондуктан да Назарбаев ашыкча чыгымдарды азайтууга олуттуу көӊүл бурууда. А бирок, Россия, АКШ, Кытай жана Европа мамлекеттери экономикалык жактан колдоп турган убакта жыргал жашоо жана салтанатка үйрөнүп калган чиновник жана кызматкерлердин мындай чектөөлөрдү кабыл алышы кыйын болору анык.