Талгат Тажиддин: Кыздардын мектепке жоолук оронуп барышы мажбурий эмес

371
0

2014-жылдын октябрь айында Россияга караштуу Мордовия автономиялуу республикасынын жергиликтүү соту орто жана жогорку окуу жайларга жоолук оронуп келүүгө тыюу салган чечим чыгарган эле. Мусулман калктын катуу нааразылыгына дуушар болгон бул чечим Россия жогорку сотунда карап чыгылды, бирок жогорку сот жергиликтүү соттун чечимин күчүндө калтырды.

Мындай абалга нааразылыгын билдирип Россиянын жогорку сотуна кайрылган мусулмандардын талаптары болсо жогорку сот тарабынан четке кагылды.

Чечим күчүнө кирери менен муслима кыздарга карата бир нече проблемалар жүз бере баштады. Ишенимине бекем турган кээ бир муслима кыздар мектептен чыгарылган болсо, кээ бирлери олимпиадаларга катышуудан четтетилишти. Ошол себептен улам мусулмандар кыздарын мектептен чыгарып алышып үйлөрүндө өздөрү окутууга мажбур болушууда.

Муслима окуучу кыздардын окуу жайларда жоолук салынып билим алууну улантышы туурасындагы талаш-тартыштар күндүн негизги темасына айланган бир кезде Россиянын муфтийи Талгат Тажиддин күтүүсүз билдирүү менен чыкты. Россия муфтийи Талгат Тажиддиндин фатвасына ылайык, муслима кыздардын мектепке жоолук оронуп келиши мажбурий эмес.

Муфтий Тажиддин хижаб оронуу Ислам дининде Расулуллах с.а.в.дын аялдарына гана буйрулгандыгын айтты. Муфтийдин айтымында, муслима кыздардын жоолук оронуп жүрүшү адеп-ахлакка тиешелүү маселе. Россия муфтийи өзүнүн бул сөздөрүнө “Аллах силердин турпатыӊарга эмес, дилиӊер жана амалдарыӊарга карайт” деген хадисти далил кылып келтирүүгө аракет кылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here