Маалыматтык чабуул күчөп жатат

319
0

 Ош областына караштуу Кара-Суу шаарында жайгашкан “Ас-Сарахсий” мечитинин имамы Рашод кары Камалов камакка алынгандан кийин, расмий бийлик тарабынан ага каршы маалыматтык чабуул күчөтүлүүдө. Бейтарап күбөлөр тарабынан“Фейсбук” тармагына жайгаштырылган видеороликте Рашод карынын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Ош шаардык ИИБ башчысы үйдөн эч нерсе табылбаганы жөнүндө айткан болсо да, иш жүзүндө бийликке көз каранды болгон телевидение жана басма сөз аркылуу “Рашод карынын үйү тинтүү кылынган кезде көптөгөн тыюу салынган китептер, диск жана баракчалар чыкканы туурасындагы” материал жана кабарлар тынымсыз таркатылууда.

 Мындан тышкары, бирер айыбы далилденбестен туруп, Рашод карыны экстремизм, Кыргызстанда Халифалык курууга чакыргандык, Сириядагы согуштарга үгүттөгөндүк жана адам жөнөткөндүктө айыптоого жетишишти.

 Кыргызстан конституциясында “айыбы сотто далилдене элек адам – айыпсыз” деп белгилеп коюлушуна карабастан, мындан тышкары тергөө да  аяктабай туруп, ИИМдин 10 – бөлүмүнүн башчысынын орун басары Рахим Салимов “Азаттык”ка берген интервьюсунда: “Рашод Камалов боюнча бизде көптөгөн маалыматтар бар. Ал адамдарды ачык эле Халифалыкка чакырганы, констутициялык түзүмгө каршы чыгуу боюнча көптөгөн чакырыктарды кылганы боюнча далилдер бар. Ошолордун негизинде кылмыш ишин козгодук. Буга кошумча анын үстүнөн эл да “балдарыбыздын башын айландырып Сирияга жөнөтүп жиберүүдө” деп арызданышты. Рашод кары өзүнүн имамдык кызматынан пайдаланып, өтө көп адамды Сирияга жөнөткөн. Азыр бизге ондон ашык жаран “Камалов туугандарыбызды, балдарыбызды алдап Сирияга жихадга жөнөтүп жиберди” деп арыз жазды. Дагы бир тобу арыз жазуудан коркуп турушат. Мындан тышкары, Камалов Сириядан башка Ирак жана Афганистанга да  адамдарды жөнөткөн болушу мүмкүн”, – деди. Акыйкатта болсо, мыйзам боюнча тергөө аяктаганга чейин Салимов бул нерселерди ачыктабашы керек эле.

 Рахим Салимов Рашод кары Камаловду жаманатты кылуу боюнча атайын тапшырма алган окшойт, ошондуктан да  эч уялбастан, Рашод карыга далилдене элек айыптарды жабыштырды.

 Рахимов: “Камалов өзүн Кара-Сууда “рухий жетекчимин” деп атап келген. Ал мечиттин ичинде өзүн кудай катары эсептеп алган адам экен. Анын “куйруктары” жана шакирттери ар тараптан адамдарды таап, мечитке ээрчитип келишкен, ал болсо келгендердин мээсине Халифалык идеясын сиӊирген. Ошондон кийин мечиттен чыккан адамдар Сирияга агып кете беришкен. Ал Баткен, Ош областтарынан эле эмес, башка жактагы адамдарды да  алып келип, Сирияга жөнөтүп турган. Ата-энелер ыйлап, “аны жок кылгылачы, болбосо бүт Кара-Сууну Сирияга жихадга жөнөтүп жиберет” деп турушат. Азыр тергөө иштери уланууда”, – деди.

 Ошону менен бирге Рашод кары Камаловду айыптоо жана камакта кармап туруу жеӊил болушу үчүн, күч түзүмдөрү жана Массалык маалымат каражаттары аны Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрирге байланыштырууга аракет кылып жатышат. Биз төмөнкүнү билдиребиз, Рашод кары Камалов Хизбут-Тахрирдин мүчөсү эмес жана “CA-NEWS” о.э. “Akipress” сайттары дааба кылып жаткандай, Хизбут-Тахрир Халифалык мамлекетин тикелөөдөгү өз тарыйкатынан баш тарткан жок. Хизб ишмердүүлүгүн баштаганына 60 жылдан ашкандыгына карабастан жана өз максатына жетүү жолунда дагы канча жыл талап кылынса да, Хизбут-Тахрир өз максаты жана бул максатка жетүү жолундагы тарыйкатын кыпындай да өзгөртпөйт. Буга чейин кандай болгон болсо, кудум ошондой пикирий жана саясий күрөштөн четке чыкпайт.

 Сирия жана Иракта жарыя кылынган “Ислам мамлекетине” келсек, ал уюм “Халифалык”ты жарыя кылган алгачкы күндөрдө эле Хизбут-Тахрир ага карата өз мамилесин билдирген. Хизб бул тууралуу кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде “Туркистон” сайты аркылуу кабарлаган

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here