Туркистон: 9-февраль күнү таӊ эртеден баштап Ош областынын Кара-Суу шаарында Кыргызстан милициясы тарабынан бир нече мусулмандардын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Ошолордун катарында, Ош шаардык сотунун санкциясы негизинде Рашод карынын үйүндө да тинтүү өткөрүлгөнү кабарланууда. Кабарларда айтылышынча, кудум ашынган кылмышкерди колго түшүрүү үчүн келгендей тиш-тырмагына чейин куралданган отуздан ашуун атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан Рашод карынын үйү курчап алынган жана үч сааттан ашуун убакыт карынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
Мындан бир нече күн мурда, жума намазы маалында Ош областтык казыяты менен күч түзүмдөрүнүн кызматташтыгында Рашод кары имамдык кылып жаткан “Ас-Сарахсий” мечитинде Рашод карыны иштен бошотуу максатында өтө чоӊ иш-чаралар өткөрүлгөнү туурасындагы кабарлар таркаган эле. Арадан 3 күн өтүп, аны милиция кызматкерлери алып кетишкени туурасындагы кабарлар пайда болду.
Рашод кары Камоловдун үйүн тинтүү маалында эл менен күч түзүмдөрү ортосунда бир нече жолу тирешүүлөр болуп өткөнү айтылууда. Кыска убакыттын ичинде Кара-Суунун өзүнөн жана тышкарыдан келип жаткан карыны колдоп-кубаттоочулардан турган адамдардын саны бир нече миӊге жетип калганынан коркуп калган орган кызматкерлери Рашод карыны бир сааттан кийин бошотуп жиберүү шарты менен араӊ алып чыгып кетишкен. Алыс жакындан келген мусулмандардын саны аср намазына бир нече миӊге жеткени кабарланууда. Куптан намазынын убагы жакындап калганда милиция кызматкерлери мечитте тынч намаз окуп отурган мусулмандарга басым өткөрө башташкан жана Рашод карыны 48 саатка камап коюшкандыгын билдиришкен.
Бул жерде пикирлеш керек болгон бир нече жактар бар. Бирок, орган кызматкерлери муну түшүнүшү кыйын. Муну коопсуздук кызматтарынын тийиштүү адамдары жана түздөн-түз саясат жүргүзүп жаткан мамлекеттик жетекчилер түшүнүп жетиши керек.
Эмне үчүн орган кызматкерлери эмес?
Себеби, алар колдорундагы ыйгарым-укук жана күчтөн зомбулук менен пайдаланып куралсыз элди убактылуу тынчтандырып алууну улуу жеӊиш деп билишет. Алар бул иштин күнүмдүк натыйжаларын гана көрө алышат. Аларга элди тапшырып коюу бийликтин алсырап бара жаткандыгын түшүндүрөт. Биз Акаевдин бийликтеги акыркы күндөрүндө жана Бакиев бийлигинин да акыркы айларында ушундай иштерге күбө болгонбуз.
Азыркы кырдаал мурункулардан башкачараак. Үчүнчү күч болуп эсептелген АКШ менен Россия исламий күчтөрдөн катуу эскертип, Кыргызстан өкмөтү менен мусулмандар ортосунда жараканы кеӊейтүүгө катуу аракет кылып жатышат. Арабыздагы россиячыл элементтер улутчулдукту күчөтүүгө да аракет кылып жатышат. Алар өз максаттарын жүзөгө чыгарып жатышканда вице-премьер Сарпашев сыяктуу ар түрдүү бузуку күчтөрдү ишке салышат. Сарпашев Кыргызстан түштүгүнө болгон сапары маалында бул регионду Луганск менен Донецкке салыштыруу менен “бул жакка бардык күчүбүздү таштабасак болбойт” деп айтып, милиция кызматкерлери үчүн улутчулдукка жана диний жикчилдикке кеӊири жол ачып берди.
Милиция кызматкерлеринин “элдин үстүнөн болгон жеӊиши” эмнелерге алып барышы мүмкүн?
Рашод карыны камап, аны имамдыктан алып таштап жана козголушу мүмкүн болгон элди коркутуу, акаараттоо, шантаж кылуу менен менен басып калышы мүмкүн. Бирок, алар көтөрүп жаткан чыныгы коркунуч, “Ислам мамлекети” уюму жүргүзүп пикирий жетекчилигинин негизи болгон өкмөттүн өкүлдөрүнө, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө, армия аскерлерине карата такфир фатвалар эле го.
Буга каршы экинчи тарап: Алар мусулмандар, алар адашуу менен кафир болуп калышпаган, аларды жалпысынан кафирликте айыптоого болбойт, – деген исламий дүйнөкараштын өкүлдөрү бар. Жогорудагы милиция өкүлдөрү муну түшүнө алышпайт. Алар соо-саламат исламий пикирий жетекчиликтин негизги жетекчилеринен болгон Рашод кары сыяктуу адамдарды изоляция кылуу менен жеӊишке жетиштик деп ойлошот.
Улуттар аралык жаӊжалдар коркунучу да ушуга окшойт. Рашод кары сыяктуу кадыр-барктуу адамдар гана улуттар аралык кастыктарды жок кыла алышат. Себеби, аламанды ушул сыяктуу адамдардагы нукура акыйдага болгон ыйман гана кармап кала алат. Алар ар кандай абалда да Аллахтын өкүмүн гана аткарышып, башкаларды да ушуга буюрушат. Сарай имамдары болсо өтө ишенимсиз, өзгөрүүчү болушуп, алар сарай жетекчилеринин буйруктарына ылайыкташуучу болушат. Ошондуктан, элге мындай имамдардын эч кандай таасири болбойт.
Рашод кары Орто Азияда шайхул Ислам деп тан алынган адам болуп, аны четтетүү операциясы да Кыргызстандын гана талабы менен ишке ашырылып жаткан жок. Бирок, Өзбекстанда тамыр жайып бара жаткан улутчул жикчилдер коркунучу өтө күчтүү экендигин эсепке алганда, кыргызстандын күч түзүмү өзүнүн күчү менен аларга каршы күрөшө албайт. Өзбек режими болсо, кулоонун астында турат.
Ошондуктан, исламий чөйрө жана ушул чөйрөнү кармап туруучу күчтөр менен болгон мамилеге мынчалык кайдыгер кароого болбойт. Ага улуттук коопсуздук көз карашынан карап, ар кандай коркунучтун алдын алуудагы маанилүү каражат деп билүү керек. Себеби, бул ыйманий чөйрө ар кандай бузук элементтерди коомдон сүрүп чыгара алат. Мисалы, наркомания, алкоголизм, зомбулуктардын ар кандай көрүнүштөрүн, коррупция, улутчулдук, диндеги бидъаттар ж.б…. Ал тазалыктын кепилдиги.
Ошондуктан, Исламды, анын коомдогу таасир күчү болгон ыйманий чөйрөнү жана ушул чөйрөнү пайда кылуучу Рашод кары сыяктуу адамдарды этият кылуу керек. Бул сыяктуу олуттуу маселени милициянын колуна таштап коюу, кудум кызамык сыяктуу ооруну тышкарыдан ичкериге киргизип жиберүү менен барабар. Бул болсо, эл менен бийликтин ортосундагы мамилени курчутат. Жек көрүү жана карасанатайлык алардын исламий шаръий өкүмгө болгон этибарларын алсыратат. Мунун натыйжасында болсо, расмий бийликке карата дилдери жек көрүүгө толгон адамдар Ислам дининен өз кек-душмандыгын ишке ашырып алуу үчүн бир курал катары пайдаланып калышат. Ошондо алардан үчүнчү күчтөр – болгону курал таркатып коюу менен гана – пайдалана ала турган чөйрө пайда болот.
Рашод карынын камакка алынышы кээ бир текебер адамдардын каталары себептүү ишке ашырылганы менен, натыйжасы жаман болушу мүмкүн. Бул өлкөнүн коопсуздугуна тиешелүү маселе.