Россия президенти Владимр Путин, Франция президенти Франсуа Олланд жана Германия президенти Ангела Меркел Украина проблемасын чечүү үчүн Кремлде жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу беш сааттан көбүрөөк убакытка созулду. Алардын ортосунда Украина чыгышында жүз берип жаткан башаламандыктар маселеси талкууланып, комитет мүчөлөрү катышпады.
Жолугушуу тууралуу билдирүү берген Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Сергеевич Песков Украина проблемасын чечүүгө тиешелүү ортоктош документ даярдала тургандыгын айтты. Журналисттерге интервью берген Дмитрий Песков бул жаатта иштер уланып жаткандыгын ачыктады.
“Учурда Минск келишими ишке ашырылышына тиешелүү ортоктош документтин текстин даярдоо үчүн аракеттер уланып жатат. Бул документ Украина президенти Виктор Порошенконун сунуштарын жана Россия президенти Владимир Путиндин бүгүнкү сунуштарын өз ичине алат”, – деди Россия президентинин маалымат катчысы.
Ошол эле убакта АКШ өкмөтү Украинага коргонуу үчүн жардам бере тургандыгын айтууда. АКШ вице-президенти Жо Байдендин билдиришинче, АКШ Украина проблемасы тынчтык жолу менен чечилишин каалайт. Бирок, зарыл болсо АКШ Украинага өзүн коргоодо жардамдашат.
Жо Байден Германиянын Мюнхен шаарында өткөн коопсуздук конференциясында: “Россия президенти Владимир Путин тынчтык жөнүндө көп сүйлөйт. А бирок, Украинага танк, аскер жана куралдарды жиберүүнү улантууда”, – деди.
Франция президенти Франсуа Олланддын билдиришинче, Франция жана Германия тарабынан сунушталып жаткан тынчтык демилгеси Украина проблемасын чечүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Анын айтымында, эгерде бул мүмкүнчүлүк колдон чыгарылса, анда ортодо согуш күчөп кетет.
Германия канцлери Ангела Меркел Украина армиясына курал-жарак жеткирип берүү сунушуна каршы экендигин билдирип, сүйлөшүүлөрдөн бирер пайда чыгышы жөнүндө анык бир нерсе деп айтуу кыйын экендигин баса белгиледи.
Ангела Меркел Мюнхен конференциясында: “Сүйлөшүүлөр натыйжа береби, же жокпу алдын ала айтуу кыйын. Бирок, биз колдон келген бардык чараны көрөбүз деп сөз бергенбиз. Украина калкы тынч жашоого акылуу”, “Европа бөлүнүп кетишине жана карама-каршылыктар күчөп кетишине эч ким кызыкдар эмес. Континенттин коопсуздугун Россия менен биргеликте камсыздоо тарапкерибиз”, – деди.