Ислам уламалары: Халифалык темасын күндүн эң негизги маселесине айландыруу зарыл

299
0

Түркиядагы кээ бир Ислам уламалары Ислам дүйнөсүнүн чачыранды жана алсыз абалын күндүн негизги темасы катары көтөрүп чыгышты. Алардын баса белгилешинче, чачыранды абалга келип калган исламий өлкөлөрдү Халифалык гана бириктире алат.

Халифалыктын зарылдыгы жөнүндө бир нече макалалары жарык көргөн фикх аалымы, жазуучу Хусни Акташ Халифалык мамлекетин кулатуу колонизатор батыш мамлекеттери тарабынан түзүлгөн план экендигине көӊүл бурду. Акташтын айтымында, эгерде Халифалык бар болгондо мусулмандар ортосунда ихтилаф болбойт эле.

Акташ: “Халифалык мамлекетинин кулатылышы мусулмандарды башсыз калтыруу максатында ишке ашырылды. Ошол себептен да, Лозанна келишиминин жашыруун беренелеринин бири Халифалыкты кулатуу болгон. Халифалык мамлекети кулаганга чейин алар Лозанна келишимин тастыкташпаган эле. Халифалык мамлекети кулагандан кийин аны кабыл алышты. Эгерде Халифалык бар болгондо, анда бүгүнкү бардык ихтилафтуу темалар жок болот эле жана коомдогу эң кичине маселелер да чечилет эле. Бул маселелердин бардыгы Халифалыкка байланыштуу маселелер. Учурда адилеттүүлүк жоктугунун себеби Халифалыктын жоктугунда”, – деди.

Халифалыкты тикелөө бүтүндөй Ислам дүйнөсүнө фарз экендигин баса белгилеген Акташ: “Бул фарз этибардан четте калганы үчүн бүгүнкү күндөгү бардык балээлер башыбызга түштү. Кээ бир фикх китептеринде Халифалыксыз бир күн да өтүшү мүмкүн эмес деп жазылган. Бир жарым миллиард мусулмандын – Халифалыкты таштап койгону үчүн – башы балээден чыкпай калды. Учурда мусулмандардын мынчалык даражада чачыранды болушу ушул фарзды өз ордуна койбогондуктан болууда. Үммөттү бир жерге топтой турган нерсе бир гана Халифалык”, – деп баса белгиледи.

Түркия имам хатибдер вакфынын жетекчиси Еживет Оксоз да бул тууралуу пикирлерин бөлүштү.

Ал: “Ислам географиясы боордоштукка, биримдикке жана тынчтыкка ар дайым муктаж. Ислам дүйнөсүнүн биримдигин жана теӊдигин камсыздай ала турган түзүмдүн мүмкүн болушунча тезирээк тикелениши пайдалуу”, – деди.

Анкарадагы “Дин эркиндиги” уюмунун маалымат катчысы Сонер Картал болсо Ислам Үммөтү кан жутуп жатканынын себеби Халифалыктын жоктугу экендигин айтты.

Сонер Картал: “Эч күмөнсүз, Ислам дүйнөсү бир жетекчиге, бир башчылыкка муктаж. Тарыхта Халифалык кулатылды. Ошондон баштап бүтүндөй Ислам өлкөлөрүндө кан төгүү жана көз жашы токтобой жатат. Мунун себеби, Халифалыктын жоктугунда. Бүтүндөй Ислам үммөтү бар болгон күчүн жумшап, Халифалык темасын күндүн эң негизги маселесине айландырышы керек. Ошондо гана кан төгүүлөр жана көз жаштар тыйылат. Дүйнөдөгү башаламандыктар жок болот”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here