Мечит имамдары мажбурий бийлешти

354
0

Баскынчы Кытай өкмөтү Чыгыш Түркстандын Үрүмчү шаарындагы мечит имамдарын элдин алдында бийлетти.

66-жылдан бери баскынчы Кытай көзөмөлү астында азап тартып келе жаткан Чыгыш Түркстанда зулум күндөн-күнгө күчөп барууда. Коммунист Кытай өкмөтү Ислам үммөтү башынан өткөрүп жаткан алсыздыкты көрүп өзүн баатыр сезип жатат. Ошондуктан, ал 1000 жылдык Исламий тарыхка ээ болгон Чыгыш Түркстан мусулмандарына Ислам дини фарз кылган ибадаттарга дээрлик күн сайын тыюу салып, Исламий баалуулуктарды тебелеп-тепсей турган мажбурий колдонмолорду киргизүүдө.

Өкмөткө караштуу “Синхуа” расмий маалымат агенттиги акыркы жолу 3-февраль күнү Чыгыш Түркстандын Үрүмчү шаарына чогулган мечит имамдары элдин алдында бийлегендигин көрсөттү. Чыгыш Түркстандык имам хатибдер кытай жана уйгур тилдеринде “өлкө бейпилдиги көӊүлдөргө тынчтык тартуулайт” деп жазылган кызыл баннерлер жана Кытай байрактарын көтөрүп алган элдин алдында бийлешти.

“Синхуа” маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, Кытай өкмөтү мечит имамдары элдин алдында бийлегенине канааттанбастан, аларды Үрүмчү шааарындагы орто мектептердин окуучулары жана студенттер алдында да колдоруна Кытай байрагын карматып коюп бийлеткен.

Баскынчы Кытай өкмөтү Чыгыш Түркстандык жаштарды да мажбурий бийлетип “Бийге келгиле, мечитке барбагыла. Саламаттык үчүн дин эмес, бий жакшы” деген ураандарды айттырды. Буга да канааттанбаган коммунистик өкмөт мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткан уйгур жооптууларынын колдоруна Кытай байрагын карматып, “Силерге акча бербеген Аллахтын эмес, тескерисинче, акча берип жаткан партиянын жанында болгула” деген ураандарды айттырып, коомчулуктун көз алдында бийге түшүрдү.

Бул сыяктуу кылмыштар Чыгыш Түркстандык муслима мугалимдерди да кыйгап өтпөдү. Кытай өкмөтү аларды мамлекеттик байрактын алдында ант ичирди. Ант берүүдө: “Динден алыс турууга, окуучуларым менен балдарымдын диний билим алышына тоскоолдук кылууга ант ичемин”, – деген сөздөр бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here